Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №228/36-5
Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №96/15-4 “10 жылдык
мөөнөткө 50% ижара акысын кыскартуу менен ижарага жер тилкеси менен турак
эмес жайды К.А.Айтышовго берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү
киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №1-22/2426 катын карап жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №96/15-4 “10 жылдык мөөнөткө 50% ижара акысын кыскартуу менен ижарага жер тилкеси менен турак эмес жайды К.А.Айтышовго берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“50% ижара акысын кыскартуу менен” сөздөрү алынып салынсын.
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |