БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 15-мартындагы № 8
Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобосуна толуктоо киргизүү тууралуу Балыкчы шаар мэриясынын жумушчу комиссиясынын сунушуна ылайык өзгөртүү жана толуктоолорду карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” жөнүндөгү жобосу толуктоо өзгөртүүлөрү менен бекитилсин. (тиркеме 5 барак)
2. Токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайтына жарыялансын.
3. Кабыл алынган токтом Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгына мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын рээстрине кайра каттоо максатында жиберилсин.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
5. Бул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу шаардык Кеңештин XXVII чакырылышынын VI сессиясынын Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобосу тууралуу № 5 токтомунун күчү жоготту деп табылсын.
6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана шаардык Кеңештин коомдук комиссиясына тапшырылсын.
Кенештин төрагасы |
| Ж.М. Абдразаков |
|
| Балыкчы шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын 15.03.2022 ж. VIII сессиясынын № 8 токтомуна № 1 тиркеме |
«Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» жөнүндөгү ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Атуулдардын (инсан, жаран) Балыкчы шаарынын жана Кыргыз Республикасынын социалдык- экономикалык өнүгүшүнө сиңирген өзгөчө эмгеги менен зор салымын кошкон элдердин тынчтыгын жана ынтымагын бекемдөөдө көрсөткөн эмгегин таануу максатында Балыкчы шаарынын атуулуна жана чет өлкөлүк жарандарга «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» деген наам белгиленет.
2. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамы жергиликтүү коомчулуктун эң жогорку наамы жана ал Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясынын чечими менен ыйгарылат.
3. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамына сунуштарды ар бир жылдын башында 31-майга чейин, аймактык өз алдынча башкаруу органдары, шаардык Кеңештин депутаттары, шаар мэри, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин эмгек жамааттары, коомдук бирикмелер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бере алышат.
4. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жана уюштуруу иштерин Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилген коомдук комиссия алып барат.
5. Коомдук комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын, шаардын Уставынын, шаардык Кеңештин чечиминин, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын чечиминин жана ушул Жобонун негизинде алып барат.
6. Комиссиянын отуруму түшкөн сунуштарга ылайык каралып, чечим протокол аркылуу чыгарылат, ошондой эле кароо мөөнөтү эки айдын ичинде (июнь-июль) же комиссиянын чечимине ылайык болот. Ошондой эле сунушталынган адамдын өзгөчө жасаган эмгегине жараша, айрым учурларда башка даталуу салтанаттуу майрамдарда шаардык Кеңештин чечими менен ыйгарылышы мүмкүн.
7. Комиссия түшкөн сунуштарды толук карап чыгып, андан соң ар бир талапкерге жыйынтыгы боюнча ар жылдын 10-август айына чейин оозеки жооп берилиши сунушталынат.
8. Шаардык Кенештин эки жолку чакырылышында сунушталынып өтпөй калган талапкер, шаардык Кенештин кийинки чакырылышына берилген сунушу кабыл алынбайт.
9. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча коомдук комиссия карап чыгып 5 адамга чейин сунуштайт , ал эми шаардык Кеңештин сессиясында алардын ичинен 3 адамга чейин карап талкуулап ыйгарылат.
- шаар жарандарынан сырткары сунушталынган 1 адамга мезгил талабына ылайык наам ыйгарылышына жол берилет.
10. Шаардын “Ардактуу жараны” наамын алган адамдын кайсы эмгеги үчүн татыктуу болгону айкын көрсөтүлүп, шаардык Кеңештин чечими менен ушул наамга татыктуу болгон атуулдар жергиликтүү газетага жана интернет сайтка жарыяланат.
11. «Ардактуу жаран» наамы ыйгарылган ар бир атуулга күбөлүк жана медаль (төш белги) тапшырылат. Күбөлүк менен медалды жана “Ардактуу жаран” жашайт деген такта илинет. Бул иш шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлөт.
12. Ар бир наамга татыктуу атуулдун аты-жөнү шаардык Кеңештин алдындагы «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» китебине түшүрүлөт. Кыргыз Республикасынын ушул наамга татыктуу атуулунун көзү өткөн соң, тиешелүү документтери комиссиянын чечиминин негизинде «Балыкчы шаарынын тарыхый» музейине тапшырылат.
13. Балыкчы шаарынын«Ардактуу жараны» наамы соттолгондугу жокко чыгарылбаган атуулдарга ыйгарылбайт. (справка талап кылынат) Ошондой эле мыйзам бузууга жол бергендерге эл арасында аброю кеткен учурларда комиссиянын чечими менен «Ардактуу жаран» наамынан ажыратылышы мүмкүн
II. «Балыкчы шаарынын Ардактуу жараны» наамын тапшыруунун тартиби жана негиздери.
1. «Ардактуу жаран» наамын ыйгаруунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- 20 жылдан кем эмес мезгилде Балыкчы шаарынын коомчулугуна эмгеги менен таанылган коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган, шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон үзүрлүү салымы үчүн мамлекеттик алган сыйлыктардын ээси болгон инсандар;
- КР нын Президенттинин жана Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнүн) Министрлер Кабинетинин, Министрликтерден алган жогорку сыйлыктары, наамдары болсо (тийиштүү талапка ылайык) комиссиянын кароосуна кабыл алынат.
- кээ бир учурда шаарга кылган чоң эмгеги, Кыргыз Республикасына коомчулук тарабынан татыктуу бааланган болсо, бир жерде талыкпай эмгектенип, олуттуу салым кошкон, эл арасында кадыр баркы бар инсандарга жылына бир жолу сунуш берилиши мүмкүн.
- шаар үчүн руханий дөөлөттүү патриоттук эмгеги социалдык экономикалык өнүгүүгө болгон үзүрлүү салымдары;
- шаардын келечеги, Кыргыз Республикасынын бейпилдиги үчүн көрсөткөн патриоттук эрдиктери жана өнүгүшү үчүн олуттуу салымы үчүн;
- чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жана шаар жарандарына бул наам башкача негизде ыйгарылат, алардын ичинде саясий-коомдук маанилүү аткарылган иштери үчүн;
- кээ бир учурда патриоттуулуктун жана эрдиктин бийик үлгүсүн көрсөткөн, өлкөнүн беделин көтөрүүгө олуттуу салым кошкон Балыкчы шаарынын жарандарына салтанаттуу жагдайларда да ыйгарылышы мүмкүн.
- көп жылдык пайдалуу ишмердиги жана жалпы суммасы 10 млн сомдон ашкан колдоочулук (меценаттык) ишмердиги үчүн;
2. “Ардактуу жарандын” күбөлүгү жана төш белгиси ушул наамга татыктуу жаранга жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат;
III. “Балыкчы шаарынын Ардактуу жаранынын” милдеттери жана укуктары.
1. “Ардактуу жаран” наамына татыктуу адамдар төмөндөгүдөй артыкчылык укуктарга ээ:
- Балыкчы шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриясынын өкмөттүк майрамдарга арналган иш-чараларына чакырылууга, шаар күнүнө жана башка маанилүү окуяларга катышууга;
- Балыкчы шаардык Кеңешинин иш-чараларына, жергиликтүү өз-алдынча башкаруусунун аткаруу комитетинин отурумуна, шаардык Курултайга катышууга;
- Коммуналдык төлөмдөрдөн (сууга жана таштандыларды чыгарууга) 100% жеңилдик алууга; (шаардык Кеңештин сессиясы менен бюджеттен каражатын карап берүү колдоого алынса )
- шаардын аймагындагы жайгашкан саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик мекемелери тарабынан акысыз тейленет.
2. “Ардактуу жаранга” татыктуу атуул өзүнүн юбилейин өткөрө алат.
3. Балыкчы шаарынын “Ардактуу жараны” төмөндөгүдөй милдеттерге ээ:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого үлгү болууга ;
- жаштарды тарбиялоо иштерине активдүү катышууга, ата- бабалардын осуяттарын жайылтууга, , баардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоого,
- жаштарды кыргыз элинин үлгүлүү салттарында колдоо көрсөтүүгө;
- шаардын коомчулугу менен тыгыз жана активдүү иш алып барууга;
- жаш муундарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөө иш чараларына катышууга ;
Жоопту катчы |
| О. Рахманов |
Эскертүү: “Ардактуу жаран” наамынын жобосун кайра каттоо максатында өзгөртүү толуктоолор менен жобонун айрым төмөндөгү пунктарына өзгөртүү толуктоолор киргизилди:
1-пунктуна ; Атуулдардын (инсан, жаран) Балыкчы шаарынын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сиңирген өзгөчө эмгеги менен зор салымын кошкон, элдердин тынчтыгын жана ынтымагын бекемдөөдө көрсөткөн эмгегин таануу максатында Балыкчы шаарынын атуулуна жана чет өлкөлүк жарандарга «Балыкчы шаарынын ардактуу жараны» деген наам белгиленет.
8-пунктуна ; Шаардык Кенештин эки жолку чакырылышында сунушталынып өтпөй калган талапкер, шаардык Кенештин кийинки чакырылышына берилген сунушу кабыл алынбайт.
9-пунктуна ; - шаар жарандарынан сырткары сунушталынган 1 адамга мезгил талабына ылайык наам ыйгарылышына жол берилет.
11-пунктуна ; “Ардактуу жаран” жашайт деген такта илинет. Бул иш шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлөт.
12-пунктуна ; Кыргыз Республикасынын ушул наамга татыктуу атуулунун көзү өткөн соң, тиешелүү документтери комиссиянын чечиминин негизинде «Балыкчы шаарынын тарыхый» музейине тапшырылат.
13-пунктуна ; Балыкчы шаарынын«Ардактуу жараны» наамы соттолгондугу жокко чыгарылбаган атуулдарга ыйгарылбайт. ( справка талап кылынат.
II глава 1 пунктка ; коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган, шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон үзүрлүү салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон инсандар;
до - КР нын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнүн) Министрлер Кабинетинин, Министрликтерден алган жогорку сыйлыктары, наамдары болсо (тийиштүү талапка ылайык) комиссиянын кароосуна кабыл алынат.
- кээ бир учурда шаарга кылган чоң эмгеги, Кыргыз Республикасына коомчулук тарабынан татыктуу бааланган болсо, бир жерде талыкпай эмгектенип, олуттуу салым кошкон, эл арасында кадыр баркы бар инсандарга жылына бир жолу сунуш берилиши мүмкүн.
- Кыргыз Республикасынын бейпилдиги үчүн көрсөткөн патриоттук эрдиктери жана өнүгүшү үчүн олуттуу салымы үчүн ;
- көп жылдык пайдалуу ишмердиги жана жалпы суммасы 10 млн сомдон ашкан колдоочулук (меценаттык) ишмердиги үчүн ;
III глава 1/3 пунктуна ; - Коммуналдык төлөмдөрдөн (сууга жана таштандыларды чыгарууга) 100% жеңилдик алууга; (шаардык Кеңештин сессиясы менен бюджеттен каражатын карап берүү колдоого алынса )
- шаардын аймагындагы жайгашкан саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик мекемелери тарабынан акысыз тейленет.
III глава 2 пунктуна ;
- жаштарды тарбиялоо иштерине активдүү катышууга, ата-бабалардын осуяттарын жайылтууга, , баардык элдер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоого,
- адам укугуна урмат менен мамиле кылууга ;
- жаштарды кыргыз элинин үлгүлүү салттарында колдоо көрсөтүүгө жаш муундарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөө иш чараларына катышууга ;