Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №229/36-5
Токмок шаары, Шамшы көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан, аянты 249,3 чарчы метр
турак эмес жайды (курулуштар) аянты 1291 чарчы метр жер участогу менен Токмок
шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын оперативдүү
башкаруусуна өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү
жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №1-22/2487 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаары, Шамшы көчөсү, 59 дарегинде жайгашкан, аянты 249,3 чарчы метр турак эмес жайды (курулуштар) аянты 1291 чарчы метр жер участогу менен Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 8-июлундагы №222/35-5 “Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 73 “а” дарегинде жайгашкан мурдагы бала бакчанын имаратын Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |