Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №21
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн22.06.2007-жылдагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун талаптарына ылайык, “Ыцгайлуу шарт” муниципалдык ишкананын жетекчиси М.Абдылдаевичтин 08.01,2025-жылдагы № 01-18/01 кайрылуу каты “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралды.
Туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаарына караштуу айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине тиешелүү 1 га суугат айдоо жер аянтын ижарага берүүнүн баштапкы баасы 9000 сомго бекитилсин.
3. Тооруктарды өткөрүү үчүн комиссия түзүлсүн, курамына 3 (үч) кишиден кем эмес
депутаттар киргизилсин.
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен шаар аймагындагы ото жакыр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга, социалдык багыттагы субъекттердин керектөөлөрүнө түз берүү жагы каралсын.
5. Аталган жерлерди ижарага берүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
6. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
7. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга тапшырылсын (Ч.Иманбаев, Н.Нурканов).
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |