Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №231/36-5
“Альфа Телеком” Жабык Акционердик Коомуна жер тилкелерин ижара акысын 50
пайызга кыскартуу менен ижарага берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук
берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-августундагы №1-22/2515 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Альфа Телеком” Жабык Акционердик Коомуна жер тилкелерин базалык станцияларды орнотуу үчүн ижара акысын 50 пайызга кыскартуу менен ижарага берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын мэриясы“Альфа Телеком” Жабык Акционердик Коому менен ижара келишимин түзүшсүн, келишим түзүүдө ушул токтомдун 1-пункту так жетекчиликке алынсын.
3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |