Редакцияот 26.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-февралындагы № 5

 

Чыгашадан ашкан кирешени кароо жөнүндө

Оро айылдык Кенешинин 11 - чакырылышынын кезектеги 9 - сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын 2021 - жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше булактарын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. 2021 – жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан киреше 3905042,05 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :

а) Мамлекеттик тейлөө кызмат бөлүмүнө;

2111 статьясына – 460400 сом

2121 статьясына – 79400 сом

2215 статьясына – 20000 сом

 

б) ЖКХ бөлүмүнө ;

2215 статьясына – 320000 сом

3111 статьясына – 2799242,05 сом

3112 статьясына - 226000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.

 

2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Оро айылдык аймагынын башчысы Дж.Айтпаев, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.

 

 

Төрага

 

Б.Мотуев