Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №22
Үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участоктор үчүн зоналык коэффициенттин маанисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Салык Кодексинин 398-беренесине ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын улук инспектору Б.Султаналиев Токтогул шаарынын аймагында үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участоктор үчүн зоналык коэффициенттин маанисин 1,2ге жогорулатуу боюнча “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында маалымат берип, талкууланды.
Аталган маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участоктор үчүн зоналык коэффициент 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап колдонулсун.
3. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Н.Нурканов).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын 08.02.2019-жылдагы №40 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага: | С.Т.Кылданов |