Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №23
Токтогул шаарынын аймагында 2024-жылы аткарылган иштер боюнча мэрдин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Салык Кодексинин негизинде, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары М.Чыныбековдун 24.01.2025-жылдагы 01-08/51 билдирүү каты боюнча аталган башкармалыктын бөлүм башчысы Б.Ш.Сарпбеков 04.02.2025- жылдагы “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында кеңири маалымат берди. Талкуунун жыйынтыгы менен туруктуу комиссия тиешелүү чечим кабыл алды.
Туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында турак жайлардын салыгын эсептөөдө базалык ставка 1 (бир) чарчы метрине 8 (сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияга тапшырылсын (Н.Нурканов).
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алый баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |