Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №232/36-5
Токмок шаары, Борончиев көчөсү (№5 орто мектебинин району) дарегинде
жайгашкан, аянты 1315 чарчы метр жер тилкесин Токмок шаарынын
Прокуратурасына акысыз негизде мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө Токмок
шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-августундагы №1-22/2522 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Борончиев көчөсү (№5 орто мектебинин району) дарегинде жайгашкан, аянты 1315 чарчы метр жер тилкесин Токмок шаарынын Прокуратурасына акысыз негизде мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |