Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №233/36-5
Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы №93/19-5
“Балдардын эс алуусун жана бассейнин уюштуруу үчүн Ф.Именходжаевага
аянты 0,735 га жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө акысыз берүүгө Токмок
шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө”
токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 2-августундагы №1-22/2521 катын карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-декабрындагы №93/19-5 “Балдардын эс алуусун жана бассейнин уюштуруу үчүн Ф.Именходжаевага аянты 0,735 га жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө акысыз берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2.Бул токтом Токмок шаардык кеӊешинин сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |