Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 137 токтомуна) |
Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ден соолугунун абалы боюнча жеке окутууга муктаж болгон балдар үчүн жашаган жери боюнча, саламаттык сактоо системасынын стационардык мекемелеринде, социалдык коргоо системасынын адистештирилген стационардык мекемелеринде (мындан ары - стационардык мекемелер) билим берүү процессин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Балдарды жеке окутууну уюштуруунун максаты алардын башталгыч, негизги жана орто жалпы билим алууга укуктарын коргоо болуп саналат.
3. Ушул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобого ылайык иштелип чыккан.
4. Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын стационардык мекемелеринде жеке окутууну уюштурууда педагогикалык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Окуу процессин уюштуруу жана кабыл алуу тартиби
5. Балдарды үйүндө, саламаттык сактоо системасынын стационардык мекемелеринде жана социалдык коргоонун адистештирилген мекемелеринде жеке окутууну уюштуруу (мындан ары - жеке окутуу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана оор формадагы дарттар менен ооруган балдардын категориясына кирген 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы билим алуучулар үчүн жалпы билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жеке окутуу менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө билим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.
7. Жеке окутуу эреже катары, билим алуучунун жашаган жерине жакын же стационардык мекеме жайгашкан жерде билим берүүнү башкаруунун аймактык органы тарабынан аныкталуучу жалпы билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы педагогикалык кадрлардын даярдыгын же бул багыттагы тиешелүү иш тажрыйбасын эске алуу менен аймактык таандыктыгына ылайык башка жалпы билим берүү уюмун да аныктай алат.
8. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүүнү башкаруунун аймактык органына билим алуучуга жеке билим берүүнүн же окутуунун формасын алмаштыруунун зарылчылдыгы жөнүндө арыз беришет. Арызга төмөндө көрсөтүлгөн документтердин бири тиркелет:
1) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты/корутундусу (социалдык коргоо системасынын адистештирилген мекемелеринде окутууну уюштурууда);
2) дарылоо-контролдоо комиссиясынын баланы/билим алуучуну жеке окутууга аныктоо/чыгаруу жөнүндө маалымкаты (саламаттык сактоо системасынын стационардык мекемелеринде же дарылануудан өткөндүгүнө байланыштуу үйүндө окутууну уюштурууда);
3) билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациясынын корутундусу (оор психикалык-дене боюнун бузулуулары бар баланы окутууда).
Жогоруда аталган документтер билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталуучу оорулардын тизмегинин негизинде берилет.
9. Дарылоо-контролдоо комиссиясынын маалымкаты, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты же психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу билим алуучуну жеке окутуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөлөр менен бир чейрекке, жарым жылдыкка, бирок бир окуу жылынан ашык эмес убакытка берилет.
10. Маалымкаттын/корутундунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жалпы билим берүү уюмуна андан ары жеке окутуунун зарылдыгын ырастаган жаңы документти же күндүзгү формада окутууну улантуу жөнүндө арызды берет.
11. Ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) арызынын негизинде билим берүүнү башкаруунун аймактык органы жакын жайгашкан жалпы билим берүү уюмун, ал эми ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда - башка жалпы билим берүү уюмдарын аныктайт.
12. Жалпы билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча медициналык көрсөткүчтөргө ылайык окутуунун мөөнөтүн жана формасын көрсөтүү менен жеке окутууну уюштуруу жөнүндө келишим түзүлөт.
13. Билим алуучуну социалдык адаптациялоо максатында жалпы билим берүү уюму ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча жана медициналык көрсөткүчтөргө ылайык баланын мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы иш-чараларга катышуусун уюштурат.
14. Жалпы билим берүү уюму тарабынан жеке окутууну уюштуруу жөнүндө буйрук чыгарылат, анда:
1) окутуунун мөөнөтү жана формасы, ошондой эле бала окуй турган класс аныкталат;
2) жеке окуу планы, окутуу программасы, календардык-тематикалык пландаштыруу жана жеке сабактардын ырааттамасы бекитилет;
3) предметтер боюнча сааттарды бөлүштүрүү менен билим берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдар жана мугалимдер дайындалат.
15. Күндүзгү окуу формасы боюнча жалпы билим берүү уюмунда мурда окуган бала стационардык мекемеге узак дарыланууга аныкталган учурда, жеке окутууну уюштурган жалпы билим берүү уюму негизги окуган жери боюнча жалпы билим берүү уюмуна милдеттүү түрдө кабарлоо менен билим алуучулардын курамына убактылуу киргизүү жөнүндө буйрук чыгарат.
Билим алуучунун негизги окуган жери боюнча жалпы билим берүү уюму кабарлоону алгандан кийин билим алуучуну стационардык мекемеде дарыланып жаткан мезгилге убактылуу чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарат.
16. Жеке окутууну аяктаганда жалпы билим берүү уюму негизги окуган жери боюнча жалпы билим берүү уюмуна берүү үчүн билим алуучуга жетишкендиктеринин табелин жана кабыл алуу/окуудан чыгаруу жөнүндө буйруктардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет.
17. Билим алуучуну жеке окутууда окуу процессинин уюштурулушун контролдоо жалпы билим берүү уюмунун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына (мындан ары - директордун орун басары) жүктөлөт.
18. Жеке окутууну уюштуруу үчүн директордун орун басары мугалимдер менен бирдикте ар бир билим алуучу үчүн жеке окуу планын иштеп чыгат, түзөтүлгөн окуу программаларын талдайт, керектүү окуу китептерин тандап алат, контролдук жана практикалык иштердин минимумун, орто аралык аттестацияны өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт, окуу сабактарынын ырааттамасын түзөт жана аларды баланын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашат.
19. Жеке окуу планы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Базистик окуу планынын негизинде түзүлөт.
Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги жана окуу предметтеринин аталышы окутуу программасына жараша (жалпы билим берүү, адаптацияланган же модификацияланган) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
20. Ар бир мугалим билим алуучу менен сабактарды эсепке алуу журналын жүргүзөт, анда өткөрүлгөн сабактын датасы коюлат, окутулган материалдын темасы жана мазмуну, сааттардын саны, үй тапшырмасы жазылат жана баа коюлат.
Журналдын өз убагында жана туура толтурулушун контролдоо директордун орун басары тарабынан үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат.
21. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) ай сайын билим алуучунун жеке сабактар журналынын мазмуну менен таанышып турат.
22. Билим алуучуларды жеке окутуу үчүн мугалимдерди тандоо мугалимдин окуу жүктөмүн эске алуу менен жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
23. Билим алуучуларды окутуу орто же жогорку кесиптик педагогикалык билими бар, орто же жогорку кесиптик билими бар жана педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн, ошондой эле тиешелүү иш тажрыйбасы бар мугалимдер тарабынан жүзөгө ашырылат.
24. Жалпы билим берүү уюмунун мугалимдери тарабынан жеке окутууну уюштурууга мүмкүн болбогон учурда, директор эмгек акы фондунун чегинде башка мугалимдерди, анын ичинде башка жалпы билим берүү уюмунан контракттык негизде тартууга укуктуу.
25. Мугалим ооруп калган учурда жалпы билим берүү уюмунун администрациясы жети жумуш күндөн кечиктирбестен жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен башка мугалим менен ордун алмаштырууга милдеттүү.
Билим алуучу ооруп калган учурда ишине акы белгиленген ченемдерге ылайык төлөнгөн мугалим өткөрүлбөгөн сааттарды иштеп берүүгө милдеттүү. Иштеп берүү мөөнөттөрү билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашылат.
26. Билим алуучуну жеке окутуу белгиленген мөөнөттөн эрте токтотулган учурда жалпы билим берүү уюмунун администрациясы билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын бухгалтериясына тиешелүү буйрукту берет.
27. Окуу сабактары эреже катары, күндүн биринчи жарымында баланын абалын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сабактардын бекитилген ырааттамасына ылайык өткөрүлөт. Стационардык мекемелерде сабактарды өткөрүү убактысы билим берүү процессин уюштурууга жооптуу болуп дайындалган адамдар менен макулдашылат.
28. Документтерди жүргүзүү бузулган же жеке окутууну уюштуруу жөнүндө буйруктун талаптагыдай аткарылбагандыгы боюнча ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) негиздүү кайрылуусу болгон учурда, жалпы билим берүү уюмунун директорунун чечими менен жооптуу адамдарга Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.
29. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каалоосу (жазуу жүзүндөгү арызы) боюнча жана алардын каражаттарынын эсебинен жеке окутуу үчүн окуу планынын кандай болбосун предметин тереңдетип (кеңейтип) окуу, ошондой эле жеке окуу планына киргизилбеген мектеп предметтерин окуу каралышы мүмкүн.
30. Өнүктүрүү багытында кошумча билим берүү билим алуучунун соматикалык абалын эске алуу менен тиешелүү шарттар болгондо билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча жана алардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
31. Жогорку класстардын билим алуучулары үчүн класс жетекчи/мугалим андан ары коомдук жана эмгектик ишти аң-сезимдүү тандоого мүмкүнчүлүк берүү максатында кесиптик багыт берүү боюнча иш жүргүзөт.
32. Стационардык мекемелерде билим берүү процессин уюштуруу билим алуучулардын болгон ооруларын эске алуу менен спецификалык өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн.
Саламаттык сактоо системасынын стационардык мекемелеринде билим берүү процессин уюштуруу боюнча методикалык сунуштамалар билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, социалдык коргоонун адистештирилген мекемелеринде билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
33. Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жеке окутууда болгон билим алуучулардын мектептик жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө тийиш.
34. Жалпы билим берүү уюму үй-бүлөнүн, жалпы билим берүү уюмунун жана стационардык мекеменин болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен жогорку курактагы балдарды аралыктан (компьютердик) окутууну уюштура алат.
3-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
35. Билим алуучулар, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), мугалимдер, жалпы билим берүү уюмунун администрациясы, стационардык мекемелердин жооптуу адамдары билим берүү процессинин катышуучулары болуп саналат.
36. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында акысыз билим алууга;
2) адамдын кадыр-баркын урматтоого, өз көз карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
3) дене бойлук жана психикалык зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого;
4) окуу процессинде зарыл болгон окуу куралдарын жана дидактикалык материалдарды пайдаланууга.
37. Билим алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого;
2) ак ниет окууга, билим берүү программаларын аң-сезимдүү жана чыгармачылык менен өздөштүрүүгө умтулууга;
3) жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин жана башка кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого;
4) сабактардын ырааттамасын сактоого;
5) жеке сабактардын күндөлүгүн жүргүзүүгө.
38. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баланын мыйзамдуу укуктарын коргоого;
2) чыр-чатактуу кырдаалдарды чечүү үчүн жалпы билим берүү уюмунун администрациясына же болбосо билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга;
3) жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын же стационардык мекемелердеги жооптуу адамдардын уруксаты менен сабактарга катышууга;
4) баланын жөндөмдөрүн, кызыкчылыктарын жана соматикалык абалын эске алуу менен сабактардын ырааттамасын түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
39. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүү уюмунун талаптарын аткарууга;
2) баланын мектепке жана билим алууга болгон кызыгуусун колдоого;
3) врачтын сунуштары жана режимдин өзгөчөлүктөрү жөнүндө мугалимди кабардар кылууга;
4) билимди өздөштүрүүгө түрткү берүүчү сабактарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
5) бала ооруп калган учурда сабактарды токтотуп туруу жана сабактарды кайра улантуу жөнүндө жалпы билим берүү уюмуна күн ичинде өз убагында маалымдоого;
6) жеке сабактардын күндөлүгүнүн жүргүзүлүшүн жана үй тапшырмаларынын аткарылышын контролдоого.
40. Мугалим төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баланын ден соолугунун абалы жана анын билим алуу муктаждыктары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
2) жеке окуу планын жана сабактардын ырааттамасын иштеп чыгууга катышууга;
3) балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;
4) саламаттык сактоо жана социалдык коргоо жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга жана консультацияларды алууга.
41. Мугалим төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) балдардын шыгын, кызыкчылыктарын жана соматикалык абалын эске алуу менен мамлекеттик билим берүү программаларын аткарууга;
2) окуу китеби, маалымдама жана көркөм адабият менен өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө;
3) оорунун спецификасын, режимдин жана үй тапшырмаларын уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн билүүгө;
4) ашыкча жүктөмгө жол бербөөгө, жеке окуу планын аткарууга;
5) өткөрүлгөн сабактарды эсепке алуу журналдарын өз убагында толтурууга;
6) билим алуучунун жеке сабактарынын күндөлүгүнүн жүргүзүлүшүн контролдоого жана ага өткөрүлгөн сабак жөнүндө кол коюуга (ырааттама, аттестация, үй тапшырмаларын жазуу).
42. Класс жетекчи төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке окутууну жүзөгө ашырган мугалимдер жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен сабактардын ырааттамасын макулдашууга;
2) билим алуучулар жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен байланышта болууга, билим алуучунун адаттарын жана өзгөчөлүктөрүн аныктоого, баланын ден соолугунун абалы жөнүндө билүүгө;
3) билим алуучулардын жеке сабактардын күндөлүгүн жүргүзүүсүн контролдоого.
43. Жалпы билим берүү уюму:
1) билим алуучуну окуу убагында акысыз окуу адабияттары жана окуу куралдары менен камсыз кылат;
2) окуу программаларынын аткарылышын, жеке окутуу методикасын, билим алуучуну аттестациялоону, документтердин таризделишин бир чейректе бир жолудан кем эмес контролдойт;
3) билим алуучуларды эсепке алуу журналын өз убагында жүргүзүүнү жана жеке окутууну өткөрүүнү контролдойт;
4) мугалимдерди өз убагында тандоону камсыз кылат;
5) жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн зарыл болгон методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;
6) жеңилдетилген режимде орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону жүзөгө ашырат (билим алуучунун иш жөндөмдүүлүгүн эсепке алуу жана дене бойлук тыныгууларды пайдалануу);
7) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөндөргө тиешелүү билим деңгээли жөнүндө документ берет;
8) мугалимдерди ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жана оор формадагы дарттар менен ооруган балдарды окутуу маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарына жиберет.
44. Стационардык мекемелерде балдарды жеке окутууну уюштурууга жооптуу адамдар дайындалат.
Жеке окутууну уюштурууга жооптуу адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланын соматикалык абалын эске алуу менен коопсуз жана ыңгайлуу окууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүүгө;
2) балдарды окутуу маселелери боюнча жалпы билим берүү уюму жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүүгө;
3) баланын абалы начарлап кеткен учурлар жөнүндө мугалимге маалымдоого.
Жеке окутууну уюштурууга жооптуу адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) дарылоочу врач менен макулдашуу боюнча сабакты токтотуп туруу же жылдыруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
2) жеке окуу планын жана сабактардын ырааттамасын түзүүгө катышууга;
3) билим берүү жаатындагы адистерден консультация алууга.
Ведомстволук баш ийүүсүндө стационардык мекемелер турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жооптуу адамдардын кошумча укуктарын жана милдеттерин алардын кызматтык нускамаларында көрсөтүү менен белгилей алат.
4-глава. Билим алуучуларды аттестациялоону өткөрүү тартиби
45. Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программаларын билим алуучулар тарабынан өздөштүрүлүү деңгээлин контролдоо үчүн окуу чейрегинин жана окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мугалимдер тарабынан класс жетекчинин же стационардык мекеменин жооптуу адамынын катышуусунда контролдук иштер жүргүзүлөт.
46. Билим алуучулар алган бааларды чейректин (жарым жылдыктын) аягында мугалимдер класстык журналга коюшат.
47. Балдарды кийинки класска которуу жөнүндө чечим алардын предметтер боюнча түзөтүлгөн окуу программаларын өздөштүрүүсүн талдоонун негизинде жана жылдык оң баалары болгондо жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
48. Жеке окутууда болгон билим алуучуларды орто аралык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоо өткөрүү жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучуларды кийинки класска которуу тартибине ылайык, баланын ден соолугунун абалына терс таасир тийгизүүнү жокко чыгаруучу шарттарда жүзөгө ашырылат.
49. Билим алуучуну учурдагы жана орто аралык аттестациялоо, аны класстан класска которуу, жыйынтыктоочу аттестациянын жыйынтыктары жана жалпы билим берүү уюмунан чыгаруу жөнүндө маалыматтар мугалим тарабынан класстык журналга өз убагында киргизилет. Коюлган баалар жана өткөрүлгөн сабактардын датасы жеке сабактардын күндөлүгүндөгү жазууларга ылайык келүүгө тийиш.
50. Стационардык мекемелерде узак дарыланууда болгон билим алуучуларды орто аралык, мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациялоо жүргүзүлбөйт. Негизги жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча билими жөнүндө документтерге бааларды коюу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
51. Жеке окууда болгон билим алуучулар Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында аныкталган тартипте кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуусун улантуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.