Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 73
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Калдык сактоочу жайды долбоорлоо жана куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 24-июнундагы № 04-01/3571 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында төмөнкүдөй контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 8,31 га жерлер: № 41 (7,02 га) - жайыт, № 45 (1,29 га) - башка жерлер калдык сактоочу жайды долбоорлоо жана куруу үчүн "Запастагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгыр жана кардын эриген сууларын коопсуз буруу системасынын иштешин, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) көрсөтүлгөн жерлерде казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, археологиялык көзөмөл үчүн адис-археологду тартууну;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |