Загрузка документа…
ШУМКАР-УЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шумкар-Уя айылдык кеңешинин II– чакырылышынын кезектүү
II –сессиясы
2024-жылдын 5-декабры № 10
Шумкар-Уя айыл аймагындагы үч айылдын атын
өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибинде коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сасык-Булак айылынын элдеринин жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин мурдагы депутаттарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык- Булак айылынын атын “Саз-Булак”, Кара-Ой айылынын атын “Байдылда Сарногоев” ал эми Чоң-Токой айылынын атын Хан-Бүргө деп өзгөртүү мыйзам чегинде каралсын жана жогорку органдарга сунушталсын,
3. Бул токтомду аткаруу жагы Шумкар-Уя айыл өкөмтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Борукеев |