Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-февралы №15
Ак-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жж. социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренесине жана Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 88-беренесине ылайык, Финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү, жана Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп жана талкуулап,Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-2027-жылдарга карата Ак-Сай айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Астанакуловко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом ak-say.gov. kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳрайым: | Ш.Омурова |
Кыргыз Республикасы
Баткен облусу Баткенрайону Ак-Сай айыл аймагы
2025-2027-жылдарга (орто мөөнөттүү) Ак-Сай айыл аймагынын өнүгүү программасы
Ак-Сай айылдык Кеңешинин
2025-жылдын «__»_______ №__________ токтому менен бекитилди.
“2025–2027-жылдары Ак-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнжана коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу жарандарга ыңгайлуу, коопсуз жана жашоого жагымдуу шарттарды түзүү көздөлөт”
Ак-Сай айылы 2025-ж.
2025-2027 - жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.
Баткен району, Ак-Сай айыл аймагы
1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
Географиялык абал | Ак-Сай айыл аймагы Баткен облусунун чыгыш тарабындагы Баткен районунда айыл жергенсинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Баткен шаары менен (эгер айыл аймагы менен эмес, башка район менен болсо – анда районду көрсөтүү керек), батыштан Ак-Татыр айыл аймагы менен чектешет ж.б. Айылдык аймактын борбору – Ак-Сай айылы. Облустук борбордон алыстыгы 45 км. Борбордон алыстыгы 45 км. Ак-Сай айыл аймагы 2001 - ж. уюштурулган. | ||||||||||||
Жалпы аянты (Га) | 30 811га | ||||||||||||
Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Негизинен тоолуу аймак, деңиз деңгээлинен 1250 метр бийиктикте жайгашкан. Кескин континенттик климат айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Кыш мезгили 3 айга созулат жана кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура -15-25 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура 30-35 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 30 оС, кышында -20оС | ||||||||||||
АА калкы (адам), аялдардын саны:_____2960________ анын ичинде (айылдарда): |
| ||||||||||||
айыл . Ак-Сай_ (АА борбору) | 1698 эл, 406 кожолук, 823 эркек, 794 аял | ||||||||||||
Капчыгай айылы | 631 эл, 175 кожолук, 335 эркек, 273 аял, | ||||||||||||
Көк-Таш айылы | 1940 эл, 627 кожолук, 938 эркек, 925 аял | ||||||||||||
Миң-Өрүк айылы | 962 эл, 188 кожолук, 446 эркек, 468 аял | ||||||||||||
Миң-Булак айылы | 1165 эл, 204 кожолук, 612 эркек, 500 аял | ||||||||||||
СЭӨПнын максаты | Программанын максаты 2025–2027-жылдары Ак-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу жарандарга ыңгайлуу, коопсуз жана жашоого жагымдуу шарттарды түзүү көздөлөт.
Айыл чарбасы жана экономика · Айыл чарба тармагында өндүрүштүн өсүү темпин жогорулатууга жетишүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү, анын ичинде асыл тукум малдарды өстүрүүгө өзгөчө басым жасоо. · Экономикалык өнүгүү үчүн өнөр жай тармагын колдоо жана айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү. · Багбанчылыкты өнүктүрүү, зыянкечтерден коргоо менен түшүмдүүлүктү көбөйтүү. Социалдык өнүгүү · Жаштарды билимдүү, ден соолугу чың жана мекенчил духта тарбиялоо үчүн билим берүү программаларын жана дене тарбия иш-чараларын колго алуу. · Жалгыз бой энелер, улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. · Билим берүү жана маданият деңгээлин жогорулатуу, жаштар арасында чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүктү колдоо. Инвестициялар жана ишкерлик · Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу. · Инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу жеке ишкерлерди жана долбоорлорду колдоо. Инфраструктураны өнүктүрүү · Ички жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү. · Көчөлөрдү жарыктандыруу системалары менен камсыздоо жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. · Жергиликтүү транспорттук жана коммуналдык тейлөөлөрдү натыйжалуу башкаруу. Жашоо сапаты жана жарандык катышуу · Калктын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү, спорт жана маданий иш-чараларды уюштуруу. · Жергиликтүү тургундардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун камсыз кылуу. Бул программа аймак тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга жана айыл аймагынын ар тараптуу, туруктуу өнүгүүсүнө багытталган. Жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу негизги артыкчылыктар катары каралат.
Начало формы Конец формы | ||||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
2-БӨЛҮМ. КАЛК |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | |||||||
Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) |
|
| 8055 | 8055 | 6396 | 6546 | 6800 | ||||||
Өсүш темпи % |
|
|
|
| 0,41 | 0,41 | 0,63 | ||||||
анын ичинде аялдар |
|
| 3994 | 2960 | 3047 | 3112 | 3421 | ||||||
Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) |
|
|
| 3300 | 3412 | 3533 | 3642 | ||||||
Өсүш темпи (%) |
|
|
| 3,3 | 3,4 | 3,5 | 3,6 | ||||||
анын ичинде аялдар |
|
|
| 1600 | 1650 | 1710 | 1800 | ||||||
Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): |
|
|
| 120 | 120 | 125 | 138 | ||||||
Айыл чарба |
|
| 883 | 903 | 913 | 925 | 932 | ||||||
Өнөр жай |
|
|
| 9 | 9 | 10 | 12 | ||||||
Иштетүүчү |
|
| 4 | 4 | 5 | 7 | 8 | ||||||
Электр энергиясы |
|
| 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | ||||||
Курулуш |
|
| 36 | 46 | 63 | 84 | 92 | ||||||
Соода |
|
| 120 | 120 | 125 | 138 | 150 | ||||||
Транспорт жана байланыш |
|
| 15 | 18 | 23 | 32 | 38 | ||||||
Башка кызматтар |
|
| 202 | 202 | 210 | 212 | 214 | ||||||
Калдыктарды кайра иштетүү |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Жумушсуздардын саны (адам): |
|
| 874 | 874 | 874 | 874 | 874 | ||||||
Өсүш темпи |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
анын ичинде аялдар |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) |
|
| 25 | 25 | 23 | 20 | 18 | ||||||
Өсүш темпи |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) |
|
| 969 | 969 | 960 | 892 | 801 | ||||||
Өсүш темпи (%) |
|
| 9,6 | 9,6 | 9,6 | 8,9 | 8,1 | ||||||
| |||||||||||||
2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | |||||||
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 18 | 20 | 23 | 23% | 44 | 46 | 50 | ||||||
Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) |
|
|
| 30% | 33 | 37 | 42 | ||||||
Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 0,5 | 0,5 | 1 | 15% | 15% | 18% | 18% | ||||||
Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 20 | 28 | 45 | 53% | 65% | 70% | 87% | ||||||
Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 400 | 460 | 490 | 540 | 585 | 625 | 750 | ||||||
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | - | - | - | -
| 5 | 10 | 20 | ||||||
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) | 50 | 55 | 57 | 60 | 60 | 65 | 70 | ||||||
Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) |
| 100 | 100 | 100% | 100 | 100 | 100 | ||||||
Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам) |
| 7 | 7 | - 11
| 11 | 11 | 15 | ||||||
Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м) | 0,6кв.м | 0,6кв.м | 0,6кв.м | 0,6кв.м | 0,6кв.м | 0,6кв.м | 0,6кв.м | ||||||
(башка көрсөткүчтөр) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
| |||||||||||||
3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө |
| ||||||||||||
2024-жылга суу түтүктөрү Ак-Сай айыл өкмөтүндө ондолбой, абалы оор, түтүктөр 40% тешилип, кээ бир жерлеринде тамырлар өсүп, суу өтпөй калган, колонакалар бузулган, гидранттар жок. Бүгүнкү күндө Капчыгай а. 50% суу менен касыздалган, Миң-Булак айылында 0%, Миң-Өрүк а. 80% камсыздалынат, Көк-Таш а. 0% суу менен камсыздалынат, Ак-Сай а. 15%. а. Ак-Сай а 2 тик кудук бар, бирок санитардык стандарттарга ылайык болбогондуктан, бактерициддик жабдууларды орнотууга мүмкүнчүлүк жок. Суу берүүчү кызматын МИ аткарат, тарифтер Айылдык Кеңештин токтому менен бекитилген. Бирок суу абонеттери суу үчүн төлөмдөрдү убагында төлөшпөйт, МИ ушул эле суу түтуктөрүн оңдоого же электроэнергиясына акчаны төлөөгө каражаттары жок болуп калат. МИ кызматкелердин билим денгээлигинин төмөндүгү, уюштуруу иштерин жүргүзүүдө эффективтүүлүктү жоготот. Көйгөйлөр: - абонеттери суу үчүн төлөмдөрдү убагында төлөшпөйт - МИ кызматкелердин билим деңгээлигинин төмөндүгү - суу түтүктөрү 40% жараксыз абалында - тик кудуктар санитардык стандарттарга ылайык эмес, бактерициддик жабдууларды орнотууга мүмкүнчүлүк жок.. Корутунду:
Ак-Сай айыл өкмөтүндө 2027-жылга ичүүчү суу боюнча калк 70% камтылат, суу түтүктөрү 60 % оңдолот,абоненттердин базасы түзүлөт, электрондук төлөмдөргө толугу менен өтөт. МИ кызматкелердин билим деңгээлигинин жогорлатуу боюнча окуулар өтөт.
2024-жылга Ак-Сай айыл өкмөтүндө кожолуктардын катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу боюнча 40% камтылган. Бүгүнкү күндө Ак-Сай айыл өкмөтүндө тиричилик калдыктарын чыгарууга кенештен өттү.Ттиричилик калдыктарды ташып чыгаруу кызматы аткарылат. Тарифтер Айылдык Кеңештин токтому менен бекитилген, бир кожолука 150 сомдон бир айга. Келишим түзгөндөн көп үй бүлө баш тартты. Биздин айыл аймакта таштанды чогултуучу полигон бар,. Бирок абонеттер таштандыктарды чыгаруу үчүн төлөмдөрдү убагында төлөшпөйт, график түзүлгөндүгү менен убагында таштандылар чогулбай калат. Көйгөйлөр: -Тиричилик калдыктар ташып чыгаруу боюнча абоненттик базасы жок - Төлөмдөр жакшы чогулбайт, электрондук түрүндө төлөмдөрдү уюштурулбаган - Абоненттер менен келишимдер толугу менен түзүлгөн эмес - Тиричилик калдыктар ташып чыгаруу боюнча графиги түзүлгөн эмес -
корутунду: 2027-жылга тиричилик калдыктар ташып чыгаруу боюнча абоненттик базасы түзүлөт, электрондук төлөмдөргө толугу менен өтөт, келишимдер жана таштандыны чыгаруу боюнча графиги түзүлөт.
Калктын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Ак-Сай а/өнүн Капчыгай, Ак-Сай, Миң- Өрүк айылдарында башкы планы бар. Көк-Таш айылы жана Миң-Булак айылы, Бакай участкасынын башкы планы жок болгодуктан турак жай менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлгөн жок. Бирок бүгүнкү күндө 120га жер трансформация болуп жерге арыз аркылуу кезеке турган элге тамарка берүү каралууда. Турак жай үчүн трансформацияланган жер арыз берген кишилерге жетпей калып, жаңы келген адамдарга жер жок болуп жатат. Ичкижана сырткы миграция күчөп, үйлөрү, жер тилкеси жок болгондуктан башка жактарга жер которуп кетүүгө мажбур болуп жатат. Көйгөйлөр: -Турак жай куруу үчүн жердин жоктугу - Көк-Таш айылы жана Миң-Булак айылы, Бакай участкасынын башкы планы жок Корутунду: 2027-жылы турак жай менен камсыздоо үчүн көп кабаттуу үйлөр курулат, Көк-Таш айылы жана Миң-Булак айылы, Бакай участкасынын башкы планы түзүлөт.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы 61км ички жолдору бар. Анын ичинен Республикалык бюджеттен 1км жол асфальт төшөлгөн. Ак-Сай жана Капчыгай айылдарындагы18км Миң- Өрүк айылында 10км. Миң-Булак айылында 15км. Көк-Таш айылында 17км жолдорунун баары оңдоого муктаж. Б.а. шагал төшөөгө жана асфальттоого муктаж. Көйгөйлөр: - Айыл аймак дотацияда отургандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен жол оңдоого акча жетишпейт - Айыл аймактын тургундары кызыл сызыкка чыгып кеткендиги - Жолду кесип өткөн арыктарга трубанын жоктугу - Жол четиндеги тротуарлардын жоктугу. - Жолдордун стандарттык талапка жооп бербегендиги
Корутунду: 2027-жылга Ак-Сай айыл өкмөтүндө жолдорду оңдоп түзөө иштери 60% ы бүтөт.Жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан 35 %шагал төшөлөт жана техника менен сүрүлөт, 80%труба коюлат. Республикалык бюджетке асфальт төшөө жагы сунушталат 40% . Жарандардын курулуштары №109 токтомдун негизинде кызыл сызыкка чыгып кеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Жол куруу башкармалыгы менен биргеликте социалдык обькттерге кеткен жолдорго тратуар жана жөө өтмөк сызыкчасын койдуруу жана билим берүү мекемелеринин тушуна жасалма дөңчөлөрдү койдуруу
Саламаттык сактоо: Бугунку абалы: ФАПтар 1.Капчыгай айылында 1 ФАП бар, иштеген медицина кызматкерлердин саны 2 адам, 1 стоматолог жана 1 мед айым. Мединициналык айым биринчи жардам корсотот, кайрылууларды негизиде тийиштуу дарыгерлерге Самаркандек айылына жалпы дарыгерлердин тажрыйба борбооруна жиберет. 2.Ак-Сай айылында-1 ФАП бар, 2 кызматкер иш алып барышат. Имараты жашы абалда. Бакай участкасында 1 ФАП бар, жарым ставка болгонунан, эч ким иштебейт, бирок имараты жакшы заманбап талабына ылайк 2019 –жылы салынган . 3.Кок-Таш айылында -2 ФАП бар, иштеген кызматкер-5, аларлдын ичинде 1 стоматолог, 1 медайым, бул биринчи ФАПта. Экинчи ФАП – 3 медайым кызмат корсотушот. Имартаттарынын абалы жакшы. 4.Мин-Булак айылында 1 ФАП бар, иштеген мед кызматкер-1. Имараты ашар жолу менен курулган, талапка жооп бербейт. Калктын саны коп болгонуна байланышту 1 медайым жетишсиз болууда. Адан тышкары дагы стоматолог жетишсиз. 5.Мин-Орук айылында -1 ФАП, иштеген мед. Кызматкердин саны -1 адам, калктын саны коп болгонуна байланышту 1 кызматкер жетишпейт экен. Ашар жолу менен салынган имараты талапка жооп бербейт. Бардык ФАП врачтар жок, медайымдар эле кызмат корсотушот, бирок жергиликтуу калк врачтарга да муктаж, райондук болницалардан 50 км аралыкта Ак –Сай айыл аймагы жайгашылган. Самаркандек жалпы дарыгерлердин тажрыйба борбоору 30 км аралыкта. Керек болгон учурда Самаркандек айылына жана Баткен шаарына жетиш кыйын болууда. Курултайга дагы ушу маселени чыгаруудабыз, сунушубуз: Ак-Сай айыл аймака биринчи кезекте торот болумун ачып беруу болду.
Койгойлор:
Корутунду:
Иш чаралар:
| |||||||||||||
| |||||||||||||
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | |||||||||||
Абоненттик базасын иштеп чыгуу | Абоненттик базасын иштеп чыгуу жана электрондук түрүндө төлөмдөрдү алуу | Абоненттик базасын 100% иштелип чыкты | |||||||||||
МИ ишканасын ишин жакшыртуу | МИ кызматкерлерине кызмат көрсөтүү боюнча окуу өткөрүү | 2кызматкер окуудан өттү | |||||||||||
Таза суу менен камсыз кылуу | Ак-Сай айылы, Капчыгай, Миң-Өрүк айылдарына жана Бакай участкасындагы Суу түтүктөрүн оңдоо | Ак-Сай, Капчыгай 1 км суу түтүктөрү ондолду | |||||||||||
Таза суу менен камсыз кылу | Көк-Таш жана Миң-Булак айылдарына таза суу алып келүү | Миң-Булак жана Көк-Таш айылына таза суу келет | |||||||||||
Таза суу менен камсыз кылуу | Тик кудуктарды санитардык стандарттарга жооп берүүчү капиталдык оңдоо иштери жүргүзүү жана сууну тазалоочу фильтр орнотуу | Капчыгай айылындагы тик кудук оңдолот | |||||||||||
Тиричилик калдыктарын ташып чыгууну уюштуруу | Тиричилик калдыктар ташып чыгаруу боюнча абоненттик базасын иштеп чыгуу жана электрондук түрүндө төлөмдөрдү алуу | Абоненттик базасын 100% иштелип чыкты | |||||||||||
Абоненттер менен келишимдерди түзүү | Абоненттер менен келишимдерди түзүү | 80% абоненттер менен келишим түзүлдү | |||||||||||
Тиричилик калдыктарын ташып чыгууну уюштуруу | Тиричилик калдыктар ташып чыгаруу боюнча график түзүү | График түзүлдү | |||||||||||
Тиричилик калдыктарын ташып чыгууну уюштуруу | Тиричилик калдыктарды полигонго чыгаруу боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу | Келишим түзүлдү | |||||||||||
Айылдардагы жолдорду оңдоп түзөө | Ак-Сай айылынын Бакай участкасынын А.Бердиев 2км көчөсүнө шагыл төшөө, оңдоп- түзөө жана 4 даана труба коюу | 1км жолго шагыл төшөлөт. 2 даана труба коюлат | |||||||||||
Айылдардагы жолдорду оңдоп түзөө | Таалайбек уулу Данил 1,8км көчөсүн асфальттоо, И.Имаров көчөсүнүн 1,5км асфальттоо, Миң-Булак айылындагы М.Масыдыков 1,5км көчөсүн асфальттоого сунуштоо | Таалайбек уулу Данил 1,8км жол, И.Имаров көч.1,5км, М.Масыдыков 1,5км жол асфальттанылат | |||||||||||
Айылдардагы жолдорду оңдоп түзөө | Ак-Сай айылындагы К.Дубунаев жана М.Зулпукаров көчөсүнө 1км Миң-Булак айылындагы М.Абдуллаев жана И.Каработоев көчөсүнө 2км,Көк-Таш айылындагы К.Каратаев көчөсү 1,5км М.Назаров көчөсүнө 1км Кайымов көчөсү 0,5км жолду шагыл төшөө, жана техника менен сүрдүрүү. | Ак-Сай айылындагы К.Дубунаев жана М.Зулпукаров көчөсүнө 1км Миң-Булак айылындагы М.Абдуллаев жана И.Каработоев көчөсүнө 2км,Көк-Таш айылындагы К.Каратаев көчөсү 1,5км М.Назаров көчөсүнө 1км Кайымов көчөсү 0,5км жолдор оңдолот жана түзөлөт | |||||||||||
Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу | Мин-Булак айылында ФАП салдыруу | Көк-Таш, Миң-Булак айылдарындагы соц.объекттер бүтөт | |||||||||||
Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу | Миң-Өрүк айылына ФАП салдыруу | Миң-Булак айылына ФАП салынат | |||||||||||
Айылдардын иригациялык абалын жакшыртуу | Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы №1,№2 насостук бекеттеринин суу кетүүчү каналдарын кеңейтүү жана оңдоо | Миң-Өрүк айылына ФАП салынат | |||||||||||
Калкты турак жай үчүн жер менен камсыздоо | Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай участкасындагы жаңы өздөштүрүлгөн 194га жер тилкесинин шарттуу картасын түзүү | Капчыгай айылындагы №1 насостук бекеттеринин суу кетүүчү каналдары оңдолот. | |||||||||||
Таза суу менен камсыз кылуу | Ак-Сай айылындагы мектеп, бала бакча,жаңы салынган катар үйлөр, гараж, сахалин участкаларын жана таза суу менен камсыз кылуу | Бакай участкасындагы 194га жер тилкесинин картасы түзүлөт | |||||||||||
Көрүстөндөрдүн иштешин жакшыртуу | Ак-Сай айылындагы көрүстөндү кеңейтүү | Мектеп, бала бакча, катар үйлөр, гараж, сахалин участкалары таза суу менен камсыз болот | |||||||||||
Айылдардын иригациялык абалын жакшыртуу | Миң-Өрүк айылынын 7,5 км лотокторун оңдоп түзөө | Көрүстөн кеңейет | |||||||||||
БАРДЫГЫ
|
| ||||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
4-БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом) |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | |||||||
Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү: |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Айыл чарба | 1003 | 1010 | 1013 | 1017 | 1020 | 1028 | 1050 | ||||||
Өсүмдүк өстүрүү | - |
|
|
|
|
|
| ||||||
Мал чарбачылыгы | - | 6102 | 5098 | 5282 | 5282 | 5500 | 5800 | ||||||
Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Өнөр жай кызматтары |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Курулуш - негизги капиталга колдонулган инвестициялар - ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Мейманканалардын жана ресторандардын иши | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо | - |
|
|
|
|
|
| ||||||
Маалымат жана байланыш |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | - |
|
|
|
|
|
| ||||||
Кыймылсыз мүлк операциялары |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Административдик жана көмөкчү иш-чаралар |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Түз инвестициялар |
|
|
|
|
| - | - | ||||||
Айыл чарба |
|
|
|
|
| - | - | ||||||
Өнөр жай |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Курулуш |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Соода |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Транспорт жана байланыш | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Башка кызматтар | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Калдыктарды кайра иштетүү | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Калктын кирешеси: | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Орточо номиналдык эмгек акы | 5000 | 10000 | 15000 | 17000 | 20000 | 27000 | 32000 | ||||||
Эмгек мигранттарынын которуулары | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Пенсиялардын орточо өлчөмү | 3500 | 3600 | 4500 | 5100 | 7000 | 8000 | 9000 | ||||||
Жөлөкпулдардын орточо өлчөмү | 600 | 600 | 1200 | 2500 | 2500 | 2600 | 2700 | ||||||
Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||
| |||||||||||||
4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо |
| ||||||||||||
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүүсү Учурдагы абал Ак-Сай айыл аймагында калк негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Учурда: · Ийри мүйүздүү мал – 1396 баш, · Кой жана эчки – 3830 баш, · Жылкы – 56 баш, · Тоок – 421 баш, · Бал челек – 154 даана. Мал саны жыл сайын орточо 3%га өсүүдө. Бирок мал чарбачылыгынын өнүгүүсүнө бир катар тоскоолдуктар бар: · Мал асылдуулугу төмөн, анткени уруктандыруу пункттары жок, ал эми ветеринардык тейлөө толук кандуу жүргүзүлбөйт. Айыл өкмөттө бир гана ветеринар бар, ал бардык айылдарга кызмат көрсөтүүгө жетишпейт. Жеке ветеринарлар эмдөө иштерин жылына эки гана жолу жүргүзөт. Керек учурда дары-дармектерди райондон алып келүү зарыл. · Тоют базасы чөп жана арпадан гана турат. Аба ырайынын шарттарына жараша тоюттун көлөмү өзгөрүп турат: 1,0 га жерден жылына 200 даана беде прес, же болбосо 200 даана жүгөрү прес алынат. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнө 0,083 га айдоо жана 0,042 га бак бөлүнгөн. Көйгөйлөр 1. Ветеринардык тейлөөнүн начардыгы. 2. Жайыттардын инфраструктурасынын начардыгы. 3. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө дыйкандардын билиминин жетишсиздиги. 4. Аялдар жана жаштардын арасында ишкердикке кызыгуу аз. 5. Жүндү туура кыркып, кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүүгө кызыгуунун жоктугу. 6. Малдын асылдуулугунун төмөндүгү. 7. Жайлоодо май, сүт жана курут өндүрүүдө кызыгуунун жоктугу. 8. Тоют жетишсиздиги. 9. Сугат суунун тартыштыгы. 10. Которуштуруп айдоо жана агротехникалык талаптарды сактоо боюнча маалыматтын жетишсиздиги. Корутундулар жана сунуштар Экономикалык абалды жакшыртуу үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл: Мал чарбачылыгы: 11. 2025-2027-жылдар аралыгында асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү. 12. Ветеринардык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу. Айыл чарба продукциялары: 13. Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча билим берүү, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди колдонууга окутуу. Кичи жана орто ишкердик: 14. Аялдар жана жаштар арасында ишкердикке кызыгууну арттыруу, кредит алуу боюнча курстарды уюштуруу. 15. Логистикалык борборлорду ачуу жана продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн түзүү. Экономикалык мүмкүнчүлүктөр: 16. Жүндөн жасалган кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү. 17. Продукцияларды сапаттуу жана жогорку баада сатуу боюнча айыл тургундарын окутуу. Кошумча чаралар: 18. Мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын кеңейтүү. 19. Фермерлерди окутуу жана ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу. 20. Айыл чарба тармагында агротехникалык талаптарды сактоого көмөк көрсөтүү. Бул чаралар айылдын экономикалык потенциалын жогорулатып, калкты иш менен камсыз кылуу жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында ишке ашырылат.
| |||||||||||||
| |||||||||||||
4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар). |
| ||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||||||||||
Дыйкандардын билимин жогорулатуу. | Дыйкандар үчүн билимин жогорулатуу үчун окутууларды уюштуруу | 50 жаран окутуудан өттү, анын ичинен 10 аял, 1 инклюзв. | 200 000 | ||||||||||
Дыйкандарга шарт түзүү | Дыйкандарга лизинг аркылуу техника менен камсыздоого көмөктөшүү | Лизинг аркылуу 1 дыйкан техника алды. |
| ||||||||||
Банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | 500 дыйканга насыяга жеткиликтүүлүк боюнча маалымат жеткирилет. Анын ичине 140 аял, 10 инклюзив |
| ||||||||||
Дыйкандардын билимин жогорулатуу | Дыйкандардын билимин жогорулатуу үчүн республикадагы алдыңкы чарбаларга тажрыйба алмаштыруу боюнча иштерди уюштуруу | 30 дыйкан катышты, анын ичинен 3 аял, 1 инклюзив |
| ||||||||||
Муниципалдык бактарды уюштуруу | Ак-Сай айыл аймагындагы Бакай участкасындагы 194га жаңы өздөштүрүлгөн жер аянтына дыйкан чарбаларды жана кооперативдерди түзүү аркылуу өрүк, бадам, шабдалы бактарын отургузуу | 194га жер тилкесине бак отургузулат | 100 000 | ||||||||||
Ак-Сай айылындагы күрүч актоочу жувазды капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | Ак-Сай айылындагы күрүч актоочу жувазды капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | Акжуваз оңдолот | 50 000
| ||||||||||
Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Ак-Сай айылына мончо куруу | Мончо курулат | Өнүктүрүү фонд донорлор | ||||||||||
Инвестиция тартуу | Тоок ферма куруу | Тоок ферма курулат | Донорлор жеке жактар | ||||||||||
БАРДЫГЫ жергиликтүү бюджеттин каражаттары |
| ||||||||||||
БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары |
| ||||||||||||
БАРДЫГЫ тике инвестициялар |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | ||||||||||
Башкы планы жок айылдарга башкы план жасатуу | Көк-Таш, Миң-Булак айылдарынын башкы планын жасатуу | Генплан иштелип чыгат | 15млн | ||||||||||
Калкты турак-жай үчүн жер менен камсыздоо | Жердин багытын Калктуу конушка которуп, трансформациялоо | Жерлер трасформацияланат | 100 000 | ||||||||||
Зооналык карталарды жасатуу | Зооналык карталарды жасатуу | Зооналык карта иштелет | 30 000 | ||||||||||
Жер адистердин билимин жогорлатуу үчүн окууга жөнөтү | Жер адистердин билимин жогорлатуу үчүн окууга жөнөтү | Жер адис окуу курсунан өтөт | 16 000 | ||||||||||
109 жарлыгы менен иш алып баруу | 2022ж 8.04. президентинин 109 жарлыгы менен иш алып баруу | 109 жарлыгы менен иш болот | - | ||||||||||
Кооптуу жайларда жашап жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзү | Кооптуу жайларда жашап жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзү | Элдерге түшүндүрүү иштери болот | - | ||||||||||
Алыскы жайыттардын инфроструктурасын жакшыртуу | Алыскы жайыттардын инфроструктурасын жакшыртуу | Алыскы жайыттардын инфроструктурасы жакшырат | 30 000 | ||||||||||
БАРДЫГЫ бюджеттик инвестициялар
|
| ||||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам) |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 г. | 2022 г. | 2023 г. | 2024 г. | 2025 г. | 2026 г. | 2027 г. | |||||||
Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам) | 51 | 51 | 58 | 54 | 54 | 60 | 65 | ||||||
Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам) | 25 | 25 | 26 | 26 | 25 | 23 | 20 | ||||||
Өтө жакыр адамдар (адам) | 5 | 5 | 5 | 5 | 4 | 2 | 2 | ||||||
Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам) | 35 | 38 | 38 | 38 | 36 | 35 | 30 | ||||||
Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.) | 40 | 44 | 46 | 49 | 45 | 38 | 35 | ||||||
Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам) | 610 | 705 | 814 | 828 | 855 | 875 | 901 | ||||||
Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам) | 57 | 66 | 70 | 72 |
|
|
| ||||||
Этникалык азчылыктар (адам) | 10 | 13 | 18 | 20 | 20 | 18 | 15 | ||||||
Аялдар (адам) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Аялдар (калктын жалпы санынан% ) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Улгайган (жалгыз) (адам) | 6 | 6 | 6 | 4 | 4 | 2 | 1 | ||||||
Калктын жалпы санындагы калктын аялуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%) | 6,4 | 6,4 | 6,5 | 6,5 | 6,4 | 6,3 | 6,0 | ||||||
Гендердик зомбулук учурлары (бир.) | - | - | - | - |
|
|
| ||||||
Кризистик борборлордун болушу (бир.) | - | - | - | - |
|
|
| ||||||
| |||||||||||||
5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Ак-Сай айыл аймагындагы социалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири – калкты жакырчылыктан чыгаруу болуп саналат. Бул максатта өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдар менен кызматташып, кеңири масштабдагы комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Калктын социалдык мобилизациясын арттыруу аркылуу бул маселелер чечилүүдө. Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар 2024-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 адам катталган, бул акыркы үч жылда туруктуу көрсөткүч бойдон калууда. Көйгөйлөр: • Жеңил иш мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздиги; • Айрым жарандардын иштөөгө кызыгуусу жоктугу. Корутундулар: • 2024-жылы оор майыптыгы бар адамдардын саны 36ке жетти. • Медициналык кызмат көрсөтүүлөр толук камсыздалган эмес. • Жумушсуздук маселеси чечилбей келет. Өтө жакыр адамдар 2024-жылга карата өтө жакыр адамдардын саны 370ны түзөт, бул көрсөткүч акыркы үч жылда 690дон 320ге азайды. Көйгөйлөр: • Жумушсуздук жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсү; • Жалкоолук жана экономикалык демилгенин жоктугу. Турмуштук оор кырдаалдагы балдар 2024-жылга карата турмуштук оор кырдаалдагы балдардын саны 27ге жетти, бул сан акыркы үч жылда 12 балага кыскарган. Бул балдар мигранттардын, ажырашкан же ата-энесинен ажыраган үй-бүлөлөрдөн чыккан, көбүнчө чоң ата, тай ата, же жакын туугандарынын колунда тарбияланышат. Көйгөйлөр: • Психологиялык жабыркаган балдар; • Зордук-зомбулукка кабылган учурлар; • Ата-энесинин мээримине жетишпегендик. Корутундулар: • Балдарды лагерлерге, эс алуу борборлорго жөнөтүү; • Бош убакытты пайдалуу иш-чараларга буруу үчүн ийримдерди уюштуруу; • Балдарга кийим-кече жана окуу куралдарын камсыз кылуу. Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр 2024-жылга карата 40 үй-бүлө турмуштук оор кырдаалда. Алардын катарына ажырашкан, жесир,жалгыз бой,көп балалуу үй-бүлөлөр жана кароосуз калган карыялар кирет. Көйгөйлөр: • Билимдин жана кесиптик даярдыктын жетишсиздиги; • Мал-мүлк жана жер аянттарынын аздыгы. Корутундулар: • Окуу курстарын уюштуруу жана жумуш менен камсыздоо; • Материалдык колдоо көрсөтүү жана турак жай менен камсыздоо. Миграциядагы үй-бүлөлөр 2024-жылы үй-бүлөлөрдүн абалын изилдөөдө 609 баланын ата-энеси миграцияда экени аныкталса, 2025-жылы бул сан туруктуу бойдон калууда. Ал эми 37 баланын ата-энесинин экөөсү тең кеткен мигранттардын балдары туугандарынын колунда тарбияланып жатышат. Көйгөйлөр: • Ата-энесиз калган балдардын билимге кызыгуусунун жоктугу, ата-эне тарбиясынын аздыгы көйгөй жаратып келет. Корутундулар: • Миграциядагы жарандардын балдарынын камкордугун кароо; Жалпы сунуштар 1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдаштыруу үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу. 2. Жаштар менен кыз-келиндердин бош убактысын пайдалуу өткөрүү үчүн спорттук жана маданий борборлорду түзүү. 3. Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө турак жай жана материалдык колдоо көрсөтүү үчүн донорлор менен кызматташуу. 4. Иш берүүчү ишканаларды көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу жумушсуздук маселесин чечүү. 5. Балдардын билим алуу жана бош убактысын туура өткөрүү шарттарын жакшыртуу. 6. Алыскы калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү.
Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жашы улгайган жалгыз адамдардын саны- 4
-Турмуш шарттары жакшы эмес, экөөсү алыскы туугандарынын карамагында үйү-жайы бар,экөөсү өз үйүндө турушат.
Көйгөйлөр: 1.Өз үйүндө турушкан жалгыз бой карыялардын кароосуз калгандыгы. 2.Короо жайларынын каралбагандыгы 3.Үйлөрүндө азыркы заманга ылайык шарттардын жоктугу. 4.Даары дармектер жана ден-соолукту чыңдоого жолдомолордун жеткиликсиздиги. Корутунду: 1.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө райондук социалдык коргоо мекемеси менен иш алып баруу. 2.Медициналык тейлөөдө айылдардагы ФАПтардын медайымдары тарабынан дары дармектерди жеткиликтүү камсыздоо.
| |||||||||||||
| |||||||||||||
5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | |||||||||||
Жакыр үй бүлөлөрдү колдоо | Материалдык жардам берүү менен шарттарды түзүү | 10 үй бүлөгө материалдык жардам берилет. | |||||||||||
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо | 5 үй бүлөгө социалдык жардам берүү | Муктаж ДМЧ жарандар жардам алышат | |||||||||||
ДМЧ ларга шарт түзүү | Майыптар үчүн спорттук аянтчаларды уюштуруу | ДМЧларга шарт түзүлөт | |||||||||||
| |||||||||||||
| |||||||||||||
6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
6.1. (таблица) Мейкиндик |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026-ж | 2027 ж. | |||||||
Аймактын жалпы аянты (га) | 31027
| 31027
| 31027
| 31027
| 31027
|
31027 |
31027 | ||||||
Жер категориялары (га): | 7686,7 | 7686,7 | 7686,7 | 7686,7 | 7686,7 | 7686,7 | 7686,7 | ||||||
Айыл чарба жерлери (бардыгы): | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | ||||||
анын ичинде айдоо аянттары | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | ||||||
сугарылбаган |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
сугат айдоо жерлер | 222,922 | 222,922 | 222,922 | 222,922 | 222,922 | 222,922 | 222,922 | ||||||
жайыттар | 7068,1 | 7068,1 | 7068,1 | 7068,1 | 7068,1 | 7068,1 | 7068,1 | ||||||
анын ичинде жеке |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
АЖМФ | 113 | 112 | 112 | 112 | 112 | 112 | 112 | ||||||
Иш жүзүндө колдонулган | 73,8 | 73,8 | 73,8 | 73,8 | 73,8 | 73,8 | 73,8 | ||||||
Колдонулбаган (баланс) | 39,2 | 38,2 | 38,2 | 38,2 | 38,2 | 38,2 | 38,2 | ||||||
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) | - | - | 20 | 20 | 20 |
20 |
20 | ||||||
Иш жүзүндө колдонулган | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Колдонулбаган (баланс) | - | - | - | - | - | - | -- | ||||||
Калктуу конуштун жерлери (бардыгы) | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | ||||||
анын ичинде турак жай курулушу | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | 333,56 | ||||||
Иш жүзүндө колдонулган | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Колдонулбаган (баланс) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) жерлери | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Токой фондусунун жерлери | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Суу фондусунун жерлери |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Запастагы жерлер |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Иш жүзүндө колдонулган | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Колдонулбаган (баланс) | - | - | - |
| - | - | - | ||||||
-Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%) | 85 |
85 |
85 |
85 |
85 |
85 |
85 | ||||||
Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га): | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Айыл чарба жерлери | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | 448,922 | ||||||
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу) | 333,56 |
333,56 |
333,56 |
333,56 |
333,56 |
333,56 |
333,56 | ||||||
Токой фондусунун жерлери | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Суу фондусунун жерлери |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
| |||||||||||||
6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Көйгөйлөр: 21. Айылдардын башкы планынын жоктугу: Жергиликтүү жамааттардын узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана курулуш иштерин туура пландоо мүмкүн болбой жатат. 22. Жаңы турак жай үчүн жерлердин жоктугу: Калктын өсүү темпине ылайык жаңы турак жай курууга трансформациялоо болбогондугу. 23. Генплан түзүү үчүн каражаттын жоктугу: Финансылык ресурстарды бөлбөө бул маселени чечүүдө негизги тоскоолдук болуп саналат. 24. Тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги: Шаар курулушу жана пландаштыруу боюнча квалификациялуу адистердин жоктугу жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. 25. Зоналдык карталардын жоктугу: Жердин пайдаланылышын натыйжалуу көзөмөлдөө жана пландоо мүмкүн болбой жатат. 26. Муниципалдык жерлерди башкаруунун эрежелеринин жоктугу: Бул муниципалдык жерлерди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук жаратат. 27. Турак жай ээлеринин мыйзамсыз аракеттери: Айрым жарандардын жеке менчик чегинен чыгып кетүүсү мыйзам бузууларга жана кошумча чыгымдарга алып келүүдө. 28. Жерлерди максатсыз пайдалануу: Айыл чарба жана башка ишмердүүлүк үчүн багытталган жерлер туура эмес колдонулууда. 29. Кооптуу зоналарда жашоо: Жаратылыш кырсыктарына жакын аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугу камсыздалган эмес. 30. Алыскы жайыттарда инфраструктуранын жоктугу: Мал чарбачылыгынын өнүгүүсүнө терс таасир этүүдө. 31. Жерлердин инвентаризациясы жүргүзүлбөгөнү: Бул жер ресурстарынын реалдуу абалын билүүгө тоскоолдук кылууда. Сунуштар: 32. Айылдардын башкы пландарын иштеп чыгуу: Өнүгүү стратегиясын бекемдөө жана жаңы турак жайлар үчүн ылайыктуу жерлерди трасформациялоо. 33. Генплан түзүү үчүн бюджет бөлүү: Өкмөттүк жана эл аралык донорлор менен кызматташып, бул маселени чечүү үчүн финансылык ресурстарды тартуу. 34. Квалификациялуу адистерди даярдоо: Шаар курулушу, пландаштыруу жана башкаруу жаатында адистерди даярдоо боюнча атайын окууларды уюштуруу. 35. Зоналдык карталарды түзүү: Жер пайдалануу процессин тактоо жана көзөмөлдү жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу. 36. Муниципалдык жерлерди башкаруу эрежелерин иштеп чыгуу: Жергиликтүү бийликтер үчүн конкреттүү жана түшүнүктүү эрежелерди бекитүү. 37. Жарандардын мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу: Буга байланыштуу маалыматтык кампанияларды өткөрүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү. 38. Жерлерди максаттуу пайдалануу: Жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү. 39. Кооптуу зоналардан көчүрүү: Жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн альтернативдүү турак жай сунуштоо. 40. Алыскы жайыттарга инфраструктура куруу: Жайыттарга жолдорду, суу булактарын жана керектүү инфраструктураны куруу аркылуу мал чарбачылыгын колдоо. 41. Жерлерди инвентаризациялоо: Жер ресурстарынын реалдуу абалын аныктоо жана пайдаланууну оптималдаштыруу үчүн заманбап ыкмаларды колдонуу. Бул чаралар аймактагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
| |||||||||||||
| |||||||||||||
7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ |
| ||||||||||||
| |||||||||||||
7.1. (таблица) Айлана-чөйрө |
| ||||||||||||
Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | ||||||||||
2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | |||||||
Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га) | - | - | - | - | - | - | - | ||||||
Токойлорду калыбына келтирүү (га) | - | - | --- | - | - | - | - | ||||||
Деградацияланган жайыттардын аянты (га) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардын үлүшү (%) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%): |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
борбордук жылытуу |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
электр энергиясы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
газ |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
меш жылытуу |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
башка орнотуулар |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
КТК полигондорунун саны (даана) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%) |
|
|
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||
| |||||||||||||
7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү |
| ||||||||||||
Бүгүнкү абал: Мейкиндик Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жалпы аянты: 31027га. Деңиз деңгээлинен 1250м бийиктикте жайгашкан. Кыш мезгили 3 айга созулат, кар дээрлик жаабайт. Мминималдуу төмөнкү температура -10-15 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура 30-35 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 30 оС, кышында -10оС. Минималдуу температура
Акыркы жылдары жайыттардын деградация күчөп, Кызыл китепке кирген жаныбарлар; аркар, кулжа, сүлөөсүн, тоо кийиктери, кекилик, улар сыяктуу жаныбарлар менен канаттуулардын саны азайып жатат. Айлана-чөйрөнү химиялык өндүрүштөр булгабайт. Жер семирткич катары бардык жер семирткичтин түрлөрү колдонулат.
Көйгөйлөр • Таштандыларды • Сорттолбойт жана талаптагыдай жок кылынбайт. • Таштандылардын ар кайсы жерге ташталышы. • Мыйзамдуу таштанды таштоочу жайдын жоктугу. • Беккари чункурунун жетишсиздиги. • Жарандардын энергоэффективтуулугу энерго натыйжалуулук боюнча маалыматынын жоктугу. • Жайыттардын дегродацияга учурашы. • Токойлордун аянттарынын азайышы • Зыянкеч жандыкьардын көбөйүшү • Мыйзамсыз анчылык • Кызыл китепке кирген жаныбарлардын азайышы • Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу иш чараларын жоктугу
Корутунду жана сунуштар: 42. Таштандыларды башкаруу: a. Ар бир айылда таштанды полигондорун уюштуруу жана сорттоо пункттарын ачуу. b. Беккери чуңкурларын жетиштүү санда куруу. 43. Жаратылыш ресурстарын коргоо: a. Жайыттарды кезектешип пайдалануу жана деградацияны алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү. b. Токой аянттарын көбөйтүү жана токойлорду сарамжалдуу пайдалануу. c. Мыйзамсыз аңчылыкты токтотуу үчүн мониторингди күчөтүү. 44. Коомдук маалыматтуулук: a. Жарандар арасында жаратылышты коргоо жана энергоэффективдүүлүк боюнча маалыматтык кампанияларды уюштуруу. 45. Табигый кырсыктардын алдын алуу: a. Көчкү кооптуу аймактарга бак-дарактарды эгүү. b. Селдин алдын алуу үчүн дамбаларды куруу. c. Арыктарды жана каналдарды өз убагында тазалоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү. Бул сунуштар Ак-Сай айыл аймагынын экологиялык жана социалдык маселелерин чечүүгө, ошондой эле жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
| |||||||||||||