Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жаныбарлардын ден соолугу, жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар менен соода жүргүзүү жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2024-жылдын 5-ноябры
Мындан ары өз алдынча "Макулдашуучу тарап" жана биргеликте "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында,
жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарлар жана жаныбарлардан алынган азыктар менен соода жүргүзүү, өз аймактарында жугуштуу жана мите ооруларынын киришин жана жайылышын алдын алуу жана адамдардын ден соолугун коргоо, ошондой эле айыл чарба, мал чарба жана аквакультура коопсуздугу боюнча кызматташтыкты бекемдөө максатында, достук сүйлөшүүлөрдөн кийин төмөнкү маселелер боюнча макулдашты:
1-берене.
Төмөнкү терминдер төмөндө көрсөтүлгөн маанилерде колдонулушу керек:
1. Жаныбарлар: үй жана жапайы жаныбарлар, анын ичинде ири мүйүздүү мал, кой-эчки, чочко, жылкы, төө, эшек жана алардын бардык аралаш тукумдары, үй канаттуусу, жапайы жаныбарлар, балыктар, жибек курттары, аарылар жана лабораториялык жаныбарлар.
2. Жаныбарлардан алынган азыктар: адамдын керектөөсүнө арналган жаныбарлардан алынган тоюттар, жаныбарлардан алынган бардык азыктар, анын ичинде жаныбарлардын субпродуктулары жана репродуктивдик азыктар.
3. Репродуктивдик азыктар: сперма, жумуртка клеткалары, эмбриондор жана жаныбарлардын көбөйүшүндө колдонулуучу инкубациялык жумурткалар.
4. Жаныбарлардын карантини жөнүндө сертификат же ветеринардык-санитардык сертификат: Европа Бирлигинин мыйзамдарына жана улуттук мыйзамдарга, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун коргоо уюмунун (WOAH) сертификациялык моделине ылайык даярдалган сертификат.
5. Ветеринардык дары каражаттары: жаныбарларды дарылоо же оорулардын алдын алуу үчүн колдонулган вакциналар жана дары каражаттары.
2-берене.
Макулдашуучу тараптар тирүү жаныбарларды, репродуктивдик азыктарды, жаныбарлардан алынуучу азыктарды, ветеринардык дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн тоюттарды, ошондой эле патогендик микроорганизмдерди ташуу коркунучу бар башка товарларды, продукцияларды, транспорт каражаттарын, таңгактоочу материалдарды жана контейнерлерди импорттоонун, экспорттоонун же транзиттөөнүн натыйжасында өздөрүнүн улуттук аймактарын коргоо үчүн эпизоотиялык оорулардын киришине жол бербөө боюнча кызматташат.
3-берене.
Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн компетенттүү органдарына тирүү жаныбарларды, репродуктивдик азыктарды, жаныбарлардан алынган азыктарды, ветеринардык дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн тоюттарды жана патогендер менен булгануу коркунучун туудурушу мүмкүн болгон башка товарлар менен продукцияларды импорттоодо, экспорттоодо жана транзиттөөдө жаныбарлардын карантинине жана санитардык шарттарга тиешелүү протоколдорду талкуулоого жана кол коюуга, жаныбарлардын карантини жөнүндө тиешелүү сертификаттардын же ветеринардык-санитардык корутундулардын мисалдарын ырастоого жана бири-бирине жөнөтүүгө ыйгарым укук берет.
Келечекте Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун алкагында имплементациялык протоколдорду түзө алышат.
4-берене.
Бир Макулдашуучу тараптын аймагынан экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына экспорттолуучу тирүү жаныбарлар, репродуктивдик азыктар, жаныбарлардан алынуучу азыктар, жаныбарлар үчүн тоюттар жана башка заттар же продукциялар карантиндик жана санитардык мыйзамдарга, импорттоочу өлкөнүн административдик жоболоруна жана эрежелерине, Макулдашуучу тарап кол койгон тиешелүү протоколдорго ылайык келүүгө тийиш. Макулдашуучу тараптар жаныбарлардын карантини жөнүндө сертификаттын же экспорттоочу өлкөнүн расмий ветеринардык врачы берген ветеринардык-санитардык корутундунун түп нускасы менен коштоого тийиш.
5-берене.
Ар бир Макулдашуучу тарап тирүү жаныбарларды, репродуктивдик азыктарды, жаныбарлардан алынган азыктарды, ветеринардык дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн тоюттарды, башка заттарды жана экинчи Макулдашуучу тараптан импорттолгон азыктарды жаныбарлардын карантини жана ден соолукту коргоо жөнүндө өзүнүн мыйзамдарына ылайык карантиндик инспекциялоону же анализдөөнү жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде импорттоодо жаныбарлардын жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч табылса, ар бир Макулдашуучу тарап карантинди киргизүүгө укуктуу.
Ар бир Макулдашуучу тарап жаныбарлардын ылаңдары, патогендүү алып жүрүүчүлөр жана башка зыяндуу организмдер табылса же жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана карантин жаатындагы өзүнүн мыйзамдарынын сакталбагандыгы жөнүндө экинчи Тарапка токтоосуз кабарлайт.
6-берене.
Макулдашуучу тараптар карантин жана жаныбарлардын ден соолугун коргоо жаатындагы маалыматты алмашууга, илим жана техника, башкаруу тармагындагы кызматташууга төмөнкү каражаттардын жардамы менен көмөк көрсөтөт:
1. Бул тармактагы ооруларга каршы күрөшүү жаатындагы тажрыйбаны алмашуу максатында жаныбарлардын карантини же ветеринария боюнча борбордук органдардын кызматташуусу.
2. Жаныбарлардын карантининин методдору жана ветеринариянын жетишкендиктери жөнүндө маалымат алмашуу үчүн семинарларды же башка иш-чараларды уюштуруу.
3. Жаныбарлардын карантинине жана ветеринарияга тиешелүү мыйзамдар, журналдар жана башка басылмалар жөнүндө маалымат алмашуу.
4. Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүү, лицензиялоо, инспекциялоо, импорттоо жана экспорттоо, мониторинг жүргүзүү системалары жана фармакологиялык көзөмөлдөө боюнча иштер жөнүндө маалымат алмашуу.
7-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
кыргыз тараптан: Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат;
түрк тараптан: Айыл жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк жана контролдоо башкы башкармалыгы.
8-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө жумшалган чыгымдар төмөнкү булактардан жабылат:
1. Башкаруу тажрыйбасын алмашуу же аны колдонуу үчүн жаныбарлардын карантини же ветеринария боюнча администрациялардын өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларына, ошондой эле Макулдашуучу тараптардын биринин эксперттеринин жана изилдөөчүлөрүнүн экинчи Макулдашуучу тараптын чакыруусу боюнча семинарларга же башка илимий кеңешмелерге катышуусуна жумшалган чыгымдарды Жиберүүчү тарап төлөйт. Макулдашуучу тараптар өзүнчө сүйлөшүүлөр аркылуу бул чыгымдар жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
2. Маалыматты, журналдарды жана басылмаларды алмашууга байланышкан почта чыгымдарын Жөнөтүүчү тарап төлөйт.
9-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон ар түрдүү талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар боюнча Макулдашуучу тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу алар тарап болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Макулдашуучу тараптардын учурдагы укуктарын жана милдеттерин козгоо катары чечмеленбөөгө тийиш.
11-берене.
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн.
Түзөтүүлөр 12-берененин биринчи абзацында каралган юридикалык жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
12-берене.
1. Ушул Макулдашуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны алган датадан тартып күчүнө кирет, ал аркылуу Макулдашуучу тараптар аталган документтин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон өзүнүн ички юридикалык жол-жоболорунун аяктагандыгы жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл бою күчүндө калат жана эгерде Макулдашуучу тараптардын бири аны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу башка тарапка алты (6) ай мурда кабарлабаса, ал автоматтык түрдө дагы 5 (беш) жылга узартылат.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо менен каалаган убакта ушул Макулдашууну токтотууга укуктуу. Мындай учурда ушул Макулдашуу кабарламаны алган датадан тартып 6 (алты) айдын ичинде токтотулат.
4. Эгерде Макулдашуучу тараптар башкача макулдашпаса, ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ушул Макулдашууга ылайык макулдашылган жана мындай токтотууга чейин башталган долбоорлордун жана иш-чаралардын жарактуулугуна жана узактыгына таасирин тийгизбейт.
Жогорудагыларды ырастоо менен өзүнүн тиешелүү өкмөттөрү ыйгарым укук берген төмөндө кол койгондор тарабынан ушул Макулдашууга кол коюлду.
Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-ноябрында ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде 2 (эки) түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
____________________________________________ |
| ____________________________________________ |