Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-марты №44
Самаркандек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга пландарын жана жайыт акыларынын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун жана жайыт комитетинин башчысы Абдрахманов И. берген маалыматтарын угуп талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2025-жылга карата жайыт пайдалануу планы бекитилсин.
2. Самаркандек айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга финанасылык планы бекитилсин.
3. Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Самаркандек жайыт комитетинин 2025-жыл үчун сметасы бекитилсин.
4. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жыл үчүн жайыт пайдалануу акылары бир баш малга бир жылга төлөнүүчү жайыт акынын өлчөмү төмөнкү тартипте белгиленсин:
Кой эчки 40 сом
Козу улак 20 сом
Жылкы 200 сом
Кулун 150 сом
Уй (топоз) 150 сом
Торпоктор 100 сом
Түтүн пулу 700 сом
5.Жайыт пайдаланууда жайытка кирген күндөн 15 күнгө чейин пайдалануу бир жыл мөөнөт катары эсептелип төлөнөт.
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |