Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-марты №45
Самаркандек айылынын тургуну Б. Эргешованын
арызын кароо жөнүндө
Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 37.3 беренесинин негизинде Самаркандек айылынын тургуну Эргешова Бүүраванын айылдык кеңештин төрагасына кайрылып жазган арызын карап талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Самаркандек айылдык кеңеши Самаркандек айылынын тургуну Б.Эргешованын Самаркандек айылы, К.Шадыбеков көчөсү, н/ж, дарегинде куруп пайдаланып жүргөн ашканасы жайгашкан жер тилкеси кошуна турган жер тилкелердин ээлери менен мыйзамдын негизинде такташтырууну талап кылгандыктан, бул жердин маселесин сот органдарына кайрылуу менен чечип алуу сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |