Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-марты №46
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан жер аянттарынын түрун аныктоонун жыйынтыгы жөнүндө корутундусунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун берген маалыматтарын угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Кулан участогунан аныкталган 1200,0 га жер аянты “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” жайыт жерлер түрүнөн күн панелдерин куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аталган жер участогун Жер кодексинин талабына ылайык мыйзамдаштыруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |