Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-марты №47
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жана Баткен райондук электр ишканасы тарабынан 2025-жылга планга бекитилген электр энергия аба чубалгыларын куруу маселери боюнча Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун берген маалыматтарын угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүун аймагында калкты сапаттуу электр энергия менен камсыз кылуу максатында Баткен райондук электр тармактар ишканасынын 2025-жылга бекитилген планында көрсөтүлгөн төмөнкү аба чубалгыларынын курулуусуна макулдук берилсин:
- Разрез фидеринде 0,6 км узундуктагы Вл 10 кВ аба чубалгысын куруу;
- Орто-Боз фидеринде 2,0 км узундуктагы Вл 10кВ аба чубалгысын реконструкциялоо;
- КТП-116 номерлүү трансформатордон 0,6км узундукта Вл 0,4кВ аба чубалгысын реконструкциялоо.
2. Аталган курулуштарга тийиштүү уруксат берүүчү документтерин (АПУ, ИТУ) жасатып берүу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |