Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-марты № 57
2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Макулдашуу катын (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам көрсөтүү үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу жана Макулдашуу каты (Гранттык макулдашуу) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 27-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |