КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-марты № 65
2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартыл он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 27-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |