Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 24-марты №24
Алтын-Бешик айыл Ѳкмөтунун жайыт Комитетинин 2025-жылга карата
жайыт акыга болгон тарифтерди бюджетин бекитуу жөнундө
Алтын-Бешик айыл Ѳкмөтунун Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2025- жылга иш планын жана тарифтери жөнундө .Жайыт камитетинин төрагасы .Б Закировтун билдируусун угуп жана талкуулап, Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
Токтом кылат.
1.Алтын-Бешик айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2025-жылга карата түзүлгөн операциялык чыгымдарды жана жайыт пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн эсептөө 2025-жыл үчүн жайыт акы өлчөмдөрүнүн негизинде 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 361734,08
миң сом чыгаша бөлүгү 361734,08 миң сом
2. Жайыт комитетинин жайыт акыга болгон тарифтери бир жылга төмөнкүдөй бекитилсин.
--мал башына ийри мүйүздүү малдарга 120 сом сезондук пайдаланууга ар бир айга 10 сомдон.
--кой эчкилерге 24 сом сезондук пайдаланууга ар бир айга 2 сомдон.
--жылкылар үчүн 500 сом.
3. Киреше бөлугу 361734,08 миң сом жана Чыгаша бөлугу 361734,08 миң сом өлчөмундө Б Закировтун түзгөн сметасын тиркелсин.
4. Алыскы жайыттарга мал чыгарууга 1-июнга чейин тыюуу салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарууга алуу жагы Жайыт комитетинин төрага Б. Закировко жүктөлсүн.
6. Токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрайым: | А.Матраимова |