Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-марты № 5/2
Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын “Тазалык” бөлүмүнүн элге кызмат көрсөтүү багытындагы тарифине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
“Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 18-мартындагы Чыгыш №01/12 катында көрсөтүлгөн, “Тазалык” бөлүмүнүн элге кызмат көрсөтүү багытын жакшыртуу максатында 2024-жыл методика менен иштеп чыгылган тарифине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын “Тазалык” бөлүмүнүн элге кызмат көрсөтүү багытындагы тарифине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жер үйлөрдө жашаган жашоочулар үчүн бир кожолукка бир айга 150 (бир жүз эллү) сом болуп, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Бердибеков |
Үч-Коргон айылдык кеңешинин “____”___________2025-жыл №____________токтомуна
№1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Президент Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 Токмому жана 2024-жылдын 8-февралындагы ГАГСМСУнун №02-25/39 Буйругу, ГАГСМСУнун 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 Буйругу,Yч-Коргон айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги Токтом №3/5 жана 2024-жылдын 12-июнундагы Токтом№6/3, Yч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 29-майындагы №01-07/53-Буйругу, 2024-жылдын 31-майындагы №01-07/54, 2024-жылдын 14-июнундагы №01-07/57-Буйруктары негизинде,
Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Үч-Коргон айылы Х.Дадабаев көчөсү №91 жайгашкан, “Yч-Коргон” муниципалдык ишканасынын “Тазалык” бөлүмүнүн элге кызмат көрсөтүү багытындагы тарифи төмөнкүдөй бекитилсин.
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: Д.Ахунова