Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-марты № 5/4
Үч-Коргон айыл аймагындагы улуш катары берилген сугат айдоо жерлерин бак-даракт категориясына өзгөртүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-мартындагы Чыгыш №01-05/479 катына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1999-жылдын 2-июну №45 Мыйзамынын , “Жерлерди категорияларга таандык кылуу жана аларды бир категориядан экинчисине которуу” боюнча 10-11-18-беренелерине таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы 1333 га улуш катары берилген сугат айдоо жерлерин бак-даракт категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Бердибеков |