ТОКТОМ
2025-жылдын 28-январы №29-3/3
Жер тилкелерин алмаштыруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Э.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 18-декабрындагы, чыг:№01-17-719 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Манас №105 (Пржевальский) кѳчѳсʏндѳ жайгашкан жалпы аянты, 231,57 м2 тʏзгѳн жер тилкени, Алышпаев №260А (Ленин) кѳчѳсʏндѳ жайгашкан, жалпы аянты 332,0 м2 тʏзгѳн кыймылсыз мʏлкʏ менен бирдей жер тилкеге алмаштырууга макулдук берилсин.
- Муниципалдык мʏлк башкармалыгы жер тилкелеринин алмаштыруу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык алып барсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, ММБ-1, мамкаттоо-1, архитектура-1, Асанбаева Р-1, ММК-1, юстиция-1