КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-январы
Ж-3 зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-3 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 18-декабрындагы, чыг:№01-11/991, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-3 зонасынын (коттедж турак жай зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Кыдыр-Аке атн. кѳчѳ, №106, дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 м2 жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги коммерциялык ишкердʏʏлʏк жана тейлѳѳ борборлорунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Г.С.Курманалиева, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, ММБ-1, мамкаттоо-1, архитектура-1,Г.С.Курманалиева-1, ММК-1, юстиция-1.