Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-январы №29-3/9
Ж-2А зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 18-декабрындагы, чыг:№01-11/991, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-2А зонасынын (пайдалануунун турлѳрʏ чектелген жана майда малды багууга уруксаат берилген, индивидуалдуу курулуш зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кыдыр-Аке №173/1 дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 м2, болгон жер тилкеси, Ц-5 (ѳнѳр-жай коммуналдык аймактын борборунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу
Эрежелерине киргизсин
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. А.С.Сукеев, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин
сактоону камсыз кылсын.
Тѳрага А.А.Сапарбеков
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, ММБ-1, мамкаттоо-1, архитектура-1,Сукеев А-1, ММК-1, юстиция-1.