КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-январы №29-3/11
Ж-2А зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2024-жылдын 18-декабрындагы, чыг:№01-11/991, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
- Ж-2А зонасынын (пайдалануунун турлѳрʏ чектелген жана майда малды багууга уруксаат берилген, индивидуалдуу курулуш зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Асаналиева №2 дарегинде жайгашкан, аянты 750,0 м2, болгон жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги коммерциялык ишкердʏʏлʏк жана тейлѳѳ борборлорунун зонасы) зонасына которулсун.
- Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
- А.Т.Багышбеков, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, ММБ-1, мамкаттоо-1, архитектура-1,Багышбеков А.Т-1, ММК-1, юстиция-1.