Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-январы №29-3/15
220 кВ электр станциясын курууга жер бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Э.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 28-январындагы, чыг:№01-17-308 жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун ыйгарым укуктуу ѳкʏлʏнʏн биринчи орун басары Д.К.Арпачиевдин, 2024-жылдын 31-декабрындагы чыг:№01-24-7400 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын III сессиясы,
токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл электр тармактар ишканасынын, “НЭСК” ААК филиалына Каракол шаарынын Чельпек муниципалдык айыл аймагынын №730 контурунан жалпы аянты 6,0 га айыл чарба багытындагы кайрак айдоо жер тилкесине, 220 кВ электр станциясын куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын Чельпек муниципалдык айыл аймагынын, №730 контурунда жайгашкан жалпы аянты 6,0 га жер тилкесин айыл чарба багытындагы кайрак айдоо жерлеринин категориясынан ѳнѳр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага А.А.Сапарбеков
Жиберилди:Д-1, мэрия-1, ММБ-1, мамкаттоо-1, архитектура-1, ММК-1, юстиция-1