Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү II CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 25-декабрындагы №2/7
Жер участогун которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу трансформациялоо” жөнүндө №145 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу трансформациялоо” жөнүндө жобого ылайык Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү II сессиясы токтом кылат
1. Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы №2684 контурундагы 1.0 га “Айыл чарба багытындагы” жайыт жер аянтын “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган №2684 контурундагы “Өнөр жай транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы 1.0 га жер аянты Нарын УОС мекемесине өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүп, chetnura.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | С. Бектемир уулу |