Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 6-февралындагы №3/1
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн 6 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн 6 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылына милициянын аймактык пунктун салуу үчүн Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө Орто-Нура айылындагы мечиттин жанындагы муниципалдык менчикте турган 6 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Курулуш материалдар менен камсыз кылуу жагы Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси К.Асанбековго тапшырылсын.
Төрага | С. Бектемир уулу |