Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/2
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Ак-Булуң, Орук-Там айылдарынын генпландарын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Ак-Булуң, Орук-Там айылдарынын генпландарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Ак-Булуң, Орук-Там айылдарынын генпландары алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдарда турак-жай салуу үчүн арыз жазып кайрылган жарандарга 0.25, 0.15, 0.10 га жер аянттары бөлүнүп берилип келсе, мындан ары бардык айылдарга турак жай салуу үчүн бардык жарандарга 0.10 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Жогорудагы бекитилген генпланга ылайык айылдарды ирээтке келтирүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбеков жана айылдардын айыл башчыларына иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |