Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 160
2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Климаттын өзгөрүшү жаатында кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 3-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Климаттын өзгөрүшү жаатында кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу бекитилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корея тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |