Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/4
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн муниципалдык жер аянттан жер бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн муниципалдык жер аянттан жер бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн муниципалдык жер аянттан 1175 м 2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Орук-Там айылынын айыл башчысы Н. Канатбек уулуна тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |