Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-марты №27
Балыкчы шаарынын административдик аймагына караштуу мекеме ишкана, жеке жана юридикалык ишкердик менен алектенген жактар үчүн таштанды чыгаруу жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндөгү кодексинин 73-76 –беренелерине ылайык жана Мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынын 14.03.2025ж. № 0-01-5/323, Балыкчы шаар мэриясынын 17.03.25 ж. № 01-13/1964 кайрылуусунун, экономика, бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушунун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын административдик аймагына караштуу жеке жана юридикалык жактар ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын эсептик көрсөткүчү (100 пайыз өлчөмүндө) - 100 сомго бекитилсин.
2. Жыйымдарды эсептөө мөөнөтү- тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин
3. Жыйымдын суммаларын төлөчүлөр тарабынан төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1- майынан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Балыкчы шаардык Кенешинин 2021-жылдын 23-декабрындагы №5 “Балыкчы шаарындагы мекеме ишкана жеке жана юридикалык ишкердик менен алектенген жактар үчүн таштанды чыгаруу төлөмүн 1 минималдык эсептик көрсөткүч менен бекитүү маселеси жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары боюнча башкармалыгына- токтомго ылайык иш алып баруу жагы сунушталынсын.
6. Кабыл алынган токтом 2025- жылдан январь айынан баштап күчүнө киргизилсин жана “Балыкчы” газетасына интернет сайтына жарыялансын.
7. Балыкчы шаардык кеңешинин мамлекеттик тилде кабыл алынган ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, экономика, бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы _________ Д.Ж.Аманалиев____
Жиберилди : Иш кагаздарына-1, Мэрия-1, Салык кызматы-1, “Балыкчы” газетасына-1,