Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  17-апрелиндеги  № 12

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн  Кызыл-Ай айылынынын  тургуну Осмоналиев Тыныбек Турдуевичтин   жеке менчик жер тилкесинин ичинен 532,0 кв м  жер  тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Осмоналиев Тыныбек Турдуевичтин жазган арызынын негизинде, жеке менчик жер тилкеси 3-02-05-1011-0259 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 1200,0 кв.м жер тилкесинин ичинен 532,0 кв м жер  тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XVIII  сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Осмоналиев Тыныбек Турдуевичтин 3-02-05-1011-0259 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 1200,0 кв.м жер тилкесинин ичинен 532,0 кв м жер  тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүлүп, пайдаланууга бекитилсин.

2. Көрсөтүлгөн жалпы аянты 532,0 кв.м жер тилкесин мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:  

 

 

                                 А.Ж.Маматсаева