Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/11
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан 0.05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан 0.05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылына Кыргыз почта мекемесинин бөлүмчөсүнүн чакан имаратын куруу максатында муниципалдык жер аянттан 0.05 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Ак-Кыя айылынын айыл башчысы А.Абдраевге тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |