САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы
2023-жылдын 30-майындагы № 10
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынынын тургуну Джоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Джоробаев Абдималиктин жазган арызы боюнча, Жоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайдыкум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын тургуну Джоробаев Абдималиктин атындагы системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын муниципалдык менчикке өткөрүлүп, пайдаланууга бекитилсин.
2. Системалык каттоодо турган №455 суу скважинасын мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |