Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/12
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянтын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жана Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянтын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алуу жана Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылындагы жеке менчикте турган Ибраев Сыргак Жумаевичтин наамындагы 1687,87 ч.м. жер аянты өзүнүн макулдугунун негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муницпалдык менчигине алынсын.
2. Жогорудагылардын негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган 1687,87 ч.м. жер аянтын Орто-Саз айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткаралышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго жана Орто-Саз айылынын айыл башчысы Ж.Жайлообаевге тапшырылсын.
4. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |