Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIX - сессиясы

 

2023-жылдын  30-майындагы  № 8

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдар өнүгүү программасынын алкагында аткарыла турган инвестициялык долбоорунун  иш планы жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесине негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX  сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдар өнүгүү программасынын алкагында аткарыла турган инвестициялык долбоорунун  иш планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтотомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:   

 

 

 А.Ж.Маматсаева