Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-марты № 66
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө өзбек тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 23 (3679) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 27-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |