Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/15
Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча
каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2025-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 3111 | Имараттар жана курулуштар | 6 083,3 |
| Жалпы: |
| 6 083,3 |
Баары – 6 083,3 миң сом (алты миллион сексен үч мин уч жүз сом).
2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүнэкономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.
Төрага | С. Бектемир уулу |