Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/16
Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексине ылайык бекитүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевдин кайрылуусун карап жанаталкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын накта жашаган калкына тазалык жыйымынын ставкасы Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 “Салыктык эмес кирешелер” жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык 1 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жогорудагылардын негизинде тазалык жыйымын бекитилген ставкага ылайык накта жашаган ар бир жанга тазалык жыйымын чогултуп, жергиликтүү бюджетке төлөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |