Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/1
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине
талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укук мөөнөттөрү аяктаганына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны калбагандыгына байланыштуу, анын жаңы курамын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдарынын чогулуштарынан келип түшкөн чечимдерин талкуулап, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 28-январь 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталсын (тизме тиркелет).
2. Ала-Бука айыл аймагынан түзүлгөн Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын бекитип берүү, Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |