Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/4
Муниципалдык менчикке кыймылсыз мүлктү кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-,19-беренелерине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси Ш.Ниязбековдун билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-январында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагындагы Кош-Терек айылынын тургуну Нурмамбетов
Бактыбектин жеке менчигиндеги 800,00 кв.м жер тилкеси, мечит куруу үчүн Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер аянтты мамлекеттик каттоодон өткөрүү “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |