Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/17
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Саз айылынан кубаттуулугу 100 кВт электр трансформаторун орнотуу үчүн Түлекеев Ж. көчөсүнүн №4 үйүнүн үстүнөн муниципалдык жер аянтынан 16 мКв жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагылардын негизинде иш алып баруу жагы Нарын электр тармактар ишканасынан суралсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |