Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/8
Муниципалдык менчиктеги жердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренсине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси Ш.Ниязбековдун билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-январында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ызар айылынын А.Касымов көчөсүнүн №50 дарегинде жайгашкан мурунку №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, №13 “Бакыт” мектепке чейинки билим берүү уюмунун карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өткөрүлгөн имараттын иш кагаздары менен иш алып баруу, айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине жүктөлсүн
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |