Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/10
Райондук балдар китепканасына ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобосуна ылайык айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 28-январь 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука райондук балдар китепканасына балдар жазуучусу, журналист Атамкулов Нышанбайдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |