Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү III CЕССИЯСЫ
2025-жылдын 7-февралындагы №3/19
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы “Эки-Нура” ИСКАКБне болгон карыздарын жоюу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы “Эки-Нура” ИСКАКБне болгон карыздарын жоюу жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I I I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын Орто-Нура айылындагы 20 кожолук башчыларынын 2021-2022-жылдардагы жалпы 53 571 сом карыздары жоюлсун.
2. Жогорудагылардын негизинде иш алып баруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге тапшырылсын.
3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Бектемир уулу |