Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жыл 29-январы №3/12
Ала-Бука айыл аймагына караштуу Чолок-Тума айылындагы “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун капиталдык ремонт иштерин жасоо үчүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Давлеталы уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 28-январь 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Чолок-Тума айылындагы “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюмунун капиталдык ремонт иштерин жасоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 748 528 (эки млн жети жүз кырк сегиз миң беш жүз жыйырма сегиз ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган 2 748 528 (эки млн жети жүз кырк сегиз миң беш жүз жыйырма сегиз ) сом акча каражаты менен камсыздоо, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Д. Акпаралыев |